Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

КСДПнын мүчөсү Финполицияга чакыртылды


Алга Кылычов.
Алга Кылычов.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Алга Кылычов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) чакырылганын «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Финполиция ага карата эки негизде кылмыш ишин козгогон.

Бул иш боюнча Кылычовдун юристи, орун басары болуп төрт киши 11-апрелде сурак берип келди. Кылычовдун белгилешинче, кылмыш иши анын мурда иштеп турган учуруна байланыштуу козголгон.

- Бул саясий буюртма менен болуп жатат. Мен ушул айтылган эки иште өзүмдүн ак экенимди далилдейм жана бул үчүн жооп беришин талап кылам. Эмне иш экенин өздөрү айтышат, - деди ал.

Финполиция комментарий бере элек. Алга Кылычов буга чейин «Дан» мамлекеттик мекемесин жетектеген. Айрым маалымат каражаттары Кылычов уурдоо боюнча шек саналып жатканын жазышты. Бирок Кылычов өзү мындай маалыматты четке кагууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG