Дүйнөдө биринчи жолу жеке акчага жасалып, Айга учурулган аппарат кыймылдаткычтагы кемчиликтен улам кулап калды. Израилдин алгачкы «Берешит» аппараты 22-февралда учурулган. Бул Айга конгон эң кичинекей аппарат. Анын көлөмү кир жуучу машинеден бир аз эле чоңураак. Салмагы 600 килограмм. Бортунда Торанын көчүрмөсү болгон.
Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул жагдайга комментарий берип жатып Израил Айга дагы аппарат жөнөтүүгө аракет кыларын айтты.
«Эгер биринчи жолу болбой калса, дагы аракет кылыш керек» деди ал.
Айга учурулган аппаратты жасоого 100 млн. доллар сарпталган. Бул башка миссияларга караганда кыйла арзан деп эсептелет.
Долбоорду «SpaceIL» коммерциялык стартап «Израил аэрокосмостук өндүрүшүнүн» (IAI) жардамы менен иштеп чыккан. Аны жеке демөөрчүлөр каржылаган.