2018-жыл Кыргызстандын өкмөтү үчүн олуттуу сыноолордун жылы болду. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушу тапта Жогорку Кеңеште башкаруучу коалициянын жыйынында былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берип жатып билдирди.
«Биринчи күндөн тартып биз бардык мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкын болушуна умтулдук. Элдин маселелерин ыкчам чечиш үчүн колон келишинче аракет кылдык», деди өкмөт башчысы.
Премьер-министр ошондой эле «жыл ичинде ар түрдүү даражадагы жоопкерчиликсиз жетекчилерден арылдык» деп билдирди. Анын айтымында, алты министр, ар кандай кызматтагы 13 жетекчи иштен бошотулду.
Өкмөт башчынын маалыматына караганда, эл аралык рейтингдерде былтыр Кыргызстандын экономикасы 1,9% жогорулады.
Жогорку Кеңештин 20-марттагы отурумунда азыркы өкмөттүн курамына ишенбестик көрсөтүү боюнча демилге көтөрүлгөн. Эл өкүлдөрү 2018-жылды жыйынтыктаганда да бюджеттин киреше бөлүгү аткарылбаганын, 6 млрд. сомдон ашуун акча чогулбай калганын сынга алышкан.
Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган.
120 мандаттуу кыргыз парламентинде алты фракция бар. Алардын төртөө - КСДП, «Республика - Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» + башкаруучу коалицияда. Ал эми «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык азчылыкта. (RK)