Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, окуя 11-апрелде саат 20:30 чамасында болгон.
- Кыз шаардын түштүк-чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринен боюн таштаган. Алгачкы медициналык экспертиза анын акыреги сынып калганын билдирди. Азыр шаардык оорукананын травматология бөлүмүндө саламаттыгына кошумча диагностика жүргүзүлүп жатат. Абалы жакшы, өмүрүнө коркунуч жок, - деди ал.
Сыдыковдун айтуусунда, милиция кызматкерлери кыздын бой ташташына эмне себеп болгонун иликтеп жатат.
Тергөөнүн алгачкы божомолдору боюнча, кыз телефон аркылуу бирөө менен сүйлөшкөндөн кийин боюн таштаган.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда былтыр 522 киши өз жанын кыйган. Алардын 80и аялдар. 2017-жылы 490 киши жанынан кечсе, алардын 91и аялдар болгон. (MdN)