Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга алган насыялар боюнча карызы бүгүнкү күндө 102 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушу тапта Жогорку Кеңеште башкаруучу коалициянын жыйынында былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берип жатып билдирди.
Өкмөт башчынын айтымында, «бул мамлекеттик бюджеттин дээрлик жарымынан көп».
- Быйыл биз бул карыздын 4,6 миллиард сомун төлөшүбүз керек. Ал эми карыз төлөөнүн чокусу бул тармак боюнча 2025-жылы 10 млрд. 300 млн. сомго чыгат. Бул өлкөнүн экономикасына эң чоң оорчулук алып келип, казынабызга чоң жүк түшүрөт, - деди премьер-министр.
Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган. (RK)