Кыйноого каршы күрөш боюнча улуттук борборго былтыр 123 арыз келип түшкөн. Анын ичинен 113ү милиция кызматкерлерине, жетөө УКМК кызматкерлерине, калган үчөө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК), прокуратурага жана дарыгерлерге байланыштуу. Бул маалымат 12-апрелде Бишкекте пробация тууралуу форумда айтылды.
Кыйноого каршы күрөш боюнча улуттук борбордун маалыматы боюнча, арыздардын басымдуу бөлүгү Бишкектен түшкөн. Ошондой эле арыздардын көпчүлүгү борбордун кызматкерлери жабык жайларга барган учурда алынган, жабырлануучулардын адвокаттары, туугандары кайрылган учурлар болгон. Мындан тышкары «Түз байланыш» телефону жана даттануу үчүн атайын үкөкчөлөр аркылуу да арыздар келип түшкөн.
Кыйноо жана ырайымсыз мамиле тууралуу бардык кайрылуулар прокуратурага өткөрүлүп берилген.
12-апрелде Бишкекте «Эркинен ажыратуунун альтернативалуу чаралары жабык жайлардагы кыйноонун алдын алат» деген аталышта форум өтүп жатат.
Иш-чара «Эл аралык түрмө реформасы» (PRI) уюму тарабынан уюштурулган. Форумга Кыргызстандын ЖАМКтын, жарандык коомдун өкүлдөрү, Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери жана Акыйкатчы катышууда. (ZKo)