12-апрелде Бабановдун өкүлү Ислам Карганбаев басма сөз жыйынында «Кыргызстан» коммерциялык банкынын рейдерлик жол менен басылып алынганы тууралуу козголуп жаткан маселелер Өмүрбек Бабановду каралоо максатында атайын жүргүзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, азыркы бийлик мындай сценарий менен Өмүрбек Бабановду өлкөгө кайра келтирбөөгө аракеттенип жатат.
- Өмүрбек Бабановдун келээри белгилүү болгондон кийин күч органдары жанданып, Бабановдун жакындарын, алардын ичинен жээни Жаныбек Мырзабаевди суракка чакырып, 5 саат суракка ала баштады. Бул мурдатан бери кайталанып келаткан сценарий, каралоо болуп атат. Биз мунун саясий негизи бар деп эсептейбиз, муну Бабановду өлкөгө келтирбөө аракети катары баалайбыз. Бабановду камап коюу аракетин да четке какпайбыз, - деди ал.
Карганбаевдин маалыматы боюнча Өмүрбек Бабанов 2006-жылы банктын 30% акциясын Аскар Салымбековдан 2,5 миллион долларга сатып алган, 2008-жылы дагы 60% акционерлерден 20 миллион долларга сатып алган. Ошентип 90% ээ болуп калган. Азыр 10% гана башка акционерлер ээлик кылат.
11-апрель күнү «Кыргызстан» коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары, Өмүрбек Бабановдун жээни деп айтылып жүргөн Жаныбек Мырзабаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) суракка чакырылганы кабарланган. Бабановдун штабы ал беш саат бою сурак бергенин социалдык тармактарга жазды. Маалыматтарга караганда, ал акционерлердин биринин арызы боюнча көрсөтмө берүү үчүн чакырылган.
Жаныбек Мырзабаев сурактан чыккандан кийин анда эмне сөз болгону тууралуу маалыматты жашыруун сактоо боюнча милдеттенмеге кол коюп бергенин журналисттерге билдирген. Ошол эле учурда ал эки кылмыш ишинде күбө катары өтүп жатканын кошумчалаган, бирок кандай кылмыш иштери экенин айткан эмес.
Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ал Кыргызстанга 13-апрелде кайтып келерин билдирип, соцтармактарга Бишкекке барчу авиабилетинин сүрөтүн жайгаштырган. (TSh/ZKo)