Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:29

Фотожурналистиканын сыйлыгын АКШнын чек арасынан тартылган сүрөт жеңди


Абройлуу «World Press Photo» сыйлыгын быйыл АКШнын чек арачылары энесин тинтип жатканда ыйлап турган гондурастык кичинекей кыздын сүрөтү утту.

11-апрелде Амстердамда өткөн аземде жюри «Getty Images» агенттигинин фотографы, америкалык Жон Мур АКШ менен Мексиканын чек арасынан тарткан сүрөт «психологиялык зомбулукту чагылдырганын» белгиледи.

Чек арадан мыйзамсыз өткөн гондурастык Сандра Санчес менен кызы Янеланын сүрөтү Кошмо Штаттардын мигрант балдарды ата-энелеринен бөлүү саясатына карата сынды ого бетер күчөттү. «Тайм» журналы кийин ал сүрөттү алдыңкы бетине басып чыгарган. Кийин Янеланын атасы кызы энесинен ажыратылбаганын, экөө чогуу кармалганын айтты.

XS
SM
MD
LG