Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Баткен: Эмдөө штаттык режимде уланууда


Кызамык болгон наристе.
Кызамык болгон наристе.

Баткенде эмдөө иштери штаттык режимде уланып жатат. Бул тууралуу парламентте саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди:

- Психологиялык жактан гана таасир болушкан. Бүгүнкү күндө ооруканада жаткандар жок. Баары үйүндө. Баары штаттык режимде вакцина алып, иш жүрүп жатат.

9-апрелде Баткен шаарынын №3 мектебинде 74 окуучу кептөөр менен сенекке каршы пландуу эмдөөдөн өткөндөн кийин 12 бала ооруканага кайрылган, бирөө реанимацияга жатып калган.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова окуучулардын өзүн жаман сезишине вакцина эмес, дүрбөлөңгө түшүп, ийнеден коркуп калышканы себеп болгонун айткан.

Аталган борбор эмдөөдөн баш тарткандардын айынан соңку жылдары мурда сейрек кездешип калган жугуштуу оорулар кайра күчөгөнүн айтып, ата-энелерди эмдөөдөн баш тартпоого чакырып келет.

Муфтият жакында фатва чыгарып, “Эмдетүүгө исламда каршылык жок. Эмдөө ар бир адамдын өз ыктыярында калуусун жактайбыз” деп билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG