Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:06

Бишкектеги көчөгө Уланбек Эгизбаевдин аты коюлду (видео)


Уланбек Эгизбаев көчөсүнүн узундугу эки чакырым. Сүрөттүн автору Каниет Жыргалбеков.
Уланбек Эгизбаев көчөсүнүн узундугу эки чакырым. Сүрөттүн автору Каниет Жыргалбеков.

Бишкектеги көчөлөрдүн бирине Уланбек Эгизбаевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу маркумдун досу Каниет Жыргалбеков «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазды.

Ак-Ордо жаңы конушундагы эң чоң көчөлөрдүн бирине журналисттин ысымын ыйгаруу жөнүндө чечимди жергиликтүү тургундар өзүлөрү кабыл алып, үйлөрдүн дубалдарына «Улан Эгизбаев көчөсү» деген такталарды тага башташты.

Көчөнүн узундугу эки чакырым.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаев 2018-жылы Ысык-Көлдө каза болгон. Ал коррупция тууралуу бир катар мыкты иликтөөлөрдү жасап, эл оозуна алынган.

Бишкектин Ленин райондук соту 8-февралда Уланбек Эгизбаевдин «Көрүстөндөгү коррупция» иликтөөсүндө жемкорлук тууралуу айтып чыккан адамдын өзүн күнөөлөгөн чечим чыгарган. (RK)

XS
SM
MD
LG