Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

«Роскомнадзордун» өтүнүчү менен «Фейсбукка» айыппул салынды


Москва шаарынын соту «Роскомнадзор» мекемесинин талабы менен орусиялык колдонуучулар тууралуу маалыматтар кайда сакталганын так айтуудан баш тарткандыгы үчүн «Фейсбукка» 3 миң рубль айыппул салды. Бул тууралуу жума күнү «Интерфакс» агенттиги кабарлады. Бир жума мурун «Твиттер» социалдык түйүнү ошондой эле айып менен ошончолук эле штрафка жыгылган. Бир катар өлкөлөрдө, анын катарында Орусияда жарандардын жеке маалыматтары өлкө аймагында жайгашкан серверлерде сакталууга тийиш деген мыйзамдар кабыл алынган.

«Твиттер» менен «Фейсбукка» каршы административдик иш козгоону өтүнгөнүн «Роскомнадзордун» башчысы Александр Жаров январда билдирген. Былтыр декабрда бул мекеме социалдык тармактарга кат жазып, мыйзамдын аткарылышына кызыккан. Кийинчирээк «Роскомнадзор» компаниялар формалдуу гана жооп кайтарып, маалымат кайда сакталганын так көргөзбөгөнүнө нааразылыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG