Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Сооронкулова: Бай адам «элди оңой эле сатып алам» дейт


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова шайлоодо добуш сатуу акчалуу талапкердин ниетин бузарын «Азаттыкка» билдирди:

«Биз саясатчыларды күнөөлөгөндөн мурда адегенде өзүбүздү да бир карап алсак. 500-1000 сомго сатылып жаткан соң ар бир бай адам элди оңой эле сатып алам деп ойлойт. Эми өз максатына жетиш үчүн социалдык тармактар аркылуу элди колдонууга аракет кылып жатышат. Ошондуктан эл саясатчылардын куралы болбоого тийиш. Бул өзүнүн шайлоочусун, элин сыйлабагандык. Бир күнү туруп бирди айтат, эртеси башкасын айтат. Соцтармактан байкап отурсаң, ошол калпка ишенгендери да көп экен. Эл өзү ойлонуп, өзү жыйынтык чыгарууга тийиш».

Клара Сооронкулова Өмүрбек Бабанов да коомдук пикирди манипуляциялоого аракет кылган деп эсептейт.

Бир жумадан ашуун убактан бери Кыргызстанга кайтып келип, саясий жашоого аралашарын билдирип келаткан Өмүрбек Бабанов 13-апрелде Москвадагы аэропорттон видео аркылуу кайрылып, келбей калганын билдирди. Ал тарапташтарын митингдерди токтотууга чакырып, тынчтык жолу менен жакынкы күндөрү келерин айтты.

Бабанов аз күн мурун «Фейсбуктан» 13-апрелге Москва-Бишкек каттамына алынган авиабилетин көрсөткөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG