Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Бабановду тосуп алууга арналган митингдер болбойт

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

Митингдер өтпөй турганын парламентте «Республика» партиясынын депутаты Кенжебек Бокоев «Азаттыкка» билдирди:

«Көрдүңүздөр, ал өзү видеокайрылуусунда тарапташтарынан «токтоткула, чыкпагыла» деп суранып атат. Биз албетте, ал суранычын кабыл алабыз. Биз адегенде ынтымактуу, чогуу болушубуз керек».

Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери мурдараак анын келишине арнап Бишкекте, Таласта, Нарында жана Каракол шаарында митинг өткөрөрүн жарыялашкан.

12-апрелде Бишкек мэриясы Бабановдун тарапкерлерине аны тосуп алууга арналган тынч митингди Эски аянтта өткөрүүгө уруксат бербей, Горький гүлбагын сунуш кылган. Талас жана Каракол шаарларынын жетекчилери болсо борбордук аянттарда өткөрүүгө уруксат бербей, шаардык стадион жана башка жайларды сунуш кылышкан. Бабановдун тарапкерлери муну бут тосуу катары баалашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG