Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:16

«Microsoft» хакерлер «Outlook» почтасын бузушканын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Теккранч» порталынын ишембиде жазганы боюнча, хакерлер жылдын башынан март айына чейин «Outlook» почтасындагы бир катар аккаунттардын каттарын окуп турушкан.

Бирок «Майкрософт» «каттар менен тиркемелер хакерлердин колуна тийген эмес» деп билдирүүдө. Компания почтанын бузулушуна спам каттардын көбөйүшү себеп болушу ыктымал экенин маалымдады.

«Теккранч» хакерлер АКШнын коопсуздук жана укук коргоо органдарынын миңдеген кызматкерлери жөнүндө маалыматтарды уурдап, аны сатууну көздөп жатышканын билдирген.

Былтыр августта антивирус программасы боюнча иштеген ЕSET компаниясы «Turla» деп аталган хакерлер «Microsoft Outlook» почтасын Европа өлкөлөрүндөгү мамлекеттик мекемелер тууралуу маалымат алууга колдонгонун кабарлаган.

XS
SM
MD
LG