15-апрелде түнкүсүн жамгыр жаабайт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жамгыр жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 10…15;
Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6…-11, күндүз 2…7 градус жылуу болот.
15-апрелде Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы: түнкүсүн 9…11°, күндүз 23…25° болот.