Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:14

Мирзиёевдин тун кызы кызматка дайындалды


Саида Мирзиёева.
Саида Мирзиёева.

Өзбекстандын президентинин тун кызы Саида Мирзиёева Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директорунун орун басарлыгына дайындалды. Бул тууралуу 12-апрелде президенттик администрация өткөргөн кеңейтилген жыйында белгилүү болгон.

Мирзиёева бул кызматты бир ай гана ээлеген Наргиза Рахимованын ордуна келди. Интернетте Мухаммед пайгамбар, көп аялдуулук тууралуу жазганы сынга кабылган Рахимова адегенде эмгек өргүүсүнө чыгып, андан соң кызматтан алынган.

Президент Шавкат Мирзиёевдин кызы бул ордунда Өзбекстандын чет өлкөлөрдөгү аброюна жооптуу болуп, мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтары менен да иштешет. Бул тууралуу «Азаттыкка» Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин атын атагысы келбеген кызматкери айтып берген.

2018-жылдын январында президенттин кичүү кызы Шахноза Өзбекстандын Мектепке чейинки билим берүү министрлигинин башкармалыгына жетекчинин орун басары болуп дайындалганы анык болгон.

Шавкат Мирзиёевдин расмий өмүр баянында эки кыз, бир уулу, беш небереси бар экени көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG