Бишкекте Улуттук көркөм өнөр музейинде «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсү уланып жатат. Бүгүн көргөзмө бир күндүк тыныгуу алып, эртең кайра уланарын «Азаттыкка» уюштуруучу уюм - «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду кабарлады.
Кечээ, 14-апрелде Ак илбирс күнү өттү. Тематикалык видео көрсөтүлүп, балдар арасында уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрүнө чакан белектер берилди.
Ак илбирс байырлаган жерлерде орнотулган фото капкан тууралуу кенен маалымат берилип, залда отургандарды тартып алган сүрөттөр кайра балдардын өзүлөрүнө көрсөтүлдү.
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде «Ак илбирс» музыкалык-пластикалык спектакли көрсөтүлдү.
5-апрелде ачылган «Жибек жолу» көргөзмөсү 28-апрелде жыйынтыкталат. Интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу Жибек жолунун боюндагы өлкөлөр жөнүндө кызыктуу маалыматтар берилип жатат. (RK)