Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:12

Ташкентте казак-өзбек кызматташтыгы талкууланат

Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев.
Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев.

Бүгүн 15-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстандагы алгачкы мамлекеттик сапары башталууда.

Ташкентте ал өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуп, ортодо бир катар маанилүү документтерге кол коюлары, социалдык-экономикалык кызматташтыктан тышкары транзиттик-транспорттук алака тууралуу кеңири сөз болору айтылды.

19-мартта Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев кызматтан кетип, анын ордуна парламент төрагасы Касым-Жомарт Токаев келген.

Мамлекет башчысы болгондон кийин Токаев алгач расмий сапар менен Орусияга барган. (RK)

XS
SM
MD
LG