Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Балдар менен иштеген милиция кызматкерлери жыйынга чогулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 15-апрелде Бишкекте өспүрүмдөр менен иштеген милиция кызматкерлери үчүн семинар өтөт. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ага милиция бөлүмдөрүнүн жана Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу борборунун инспекторлору менен адистери катышат.

Кыргызстанда жашы 18ге толо электердин саны 2 миллион 300дөй. Бул жалпы калктын 37%.

Расмий статистикага караганда, балдар жасаган кылмыштардын саны былтыр 2018-жылы алгачкы үч айда 425 болсо, быйыл 272ни түздү.

Рэкетчилик фактылары былтыр биринчи кварталда 21 болсо, быйыл 17.

Өз жанын кыйган учурлар да азаюуда. Былтыр 26 учур катталса, быйыл 19 учур катталган. Суициддин көбүнө балдардын ата-энеси менен тил табышпаганы себеп болорун адистер дайыма айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG