Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:00

«Кесип кербени» Нарынга, Таласка жана Караколго барат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө келечектеги кесибин туура тандоого багыт берүүчү «Кесип кербени» долбоору 9-апрелде Бишкекте башталып, өлкөнүн түштүк аймагындагы бүтүрүүчүлөр менен жолугуп келди.

Демилгечилер белгилегендей, долбоор жаштарга билим алуунун маанисин терең жеткирүү жана кесипке туура жол тандоо боюнча маалымат берүү максатында уюштурулган. Жолугушуулар учурунда балдарга Кыргызстандын эмгек рыногундагы суроо-талап көп болгон кесипке окуу, андан ары карьераны өркүндөтүү боюнча талкуулар өтүүдө. Окуучуларга шыктандыруучу тасма көрсөтүлүп, аларга кызыктуу суроолордун баарына жооп алууга мүмкүнчүлүк берилген.

Долбоор Билим берүү жана илим министрлигинин (www.aha.kg) билимдик ресурс командасы менен бирге Европа Биримдигинин каржылоосу менен ишке ашууда.

Европа Биримдиги Кыргызстанга мектептерде инновацияларды жайылтууну көздөгөн реформалар, куррикулумду модернизациялоо, мугалимдерди даярдоонун сапатын жакшыртуу, инклюзивдик билим берүү үчүн 29,375 миллион евро берген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG