Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:11

Кызыл чырым: Сирияда кызматкерибиз алты жыл мурда уурдалган


Сирияда жабыркагандарга жардам көрсөтүп жүргөн Кызыл чырым уюмунун кызматкерлери. 26-декабрь, 2017-жыл.
Сирияда жабыркагандарга жардам көрсөтүп жүргөн Кызыл чырым уюмунун кызматкерлери. 26-декабрь, 2017-жыл.

Эл аралык кызыл чырым уюму алты жыл мурда Сирияда уурдалган кызматкерлеринин бири ошол бойдон табыла элек экенин билдирди.

14-апрелде Женевада өткөн басма сөз жыйынында уюмдун өкүлү Доминик Стилхарт билдиргендей, жаңы зеландиялык медайым Луиза Акави 2013-жылдын күзүндө уурдалган. Ошол бойдон «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун туткунунда калып калган.

Уюм 62 жаштагы медайымдын өмүрүнө коркунуч келтирип албайлы деген кооптонуудан улам бул тууралуу маалыматты жар салбай келген.

Жаңы Зеландиянын ички иштер министри Уинстон Питерс бул убакыт ичинде медайымды издөө иштери жүрүп келгенин билдирди. Ишке Жаңы Зеландиянын атайын кызматы да тартылган.

Луиза Акави 2013-жылы Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясына гуманитардык жардам жеткирип бараткан маалда жанындагы алты киши менен кошо уурдалган. Алардын төртөө эртеси күнү бошотулуп, Акави жана эки сириялык айдоочу туткунда кала берген.

«Ислам мамлекети» террордук тобунун Сириядагы акыркы таянычы март айынын соңунда бошотулган.

XS
SM
MD
LG