Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Беларус президенти Лукашенко Брюсселге чакыруу алды


Александр Лукашенко Минскидеги басма сөз жыйынында. 1-март, 2019-жыл.
Александр Лукашенко Минскидеги басма сөз жыйынында. 1-март, 2019-жыл.

Беларус президенти Александр Лукашенко Европа кеңешинин президенти Дональд Туск Брюсселде 13-майда уюштуруп жаткан кечки тамакка чакыруу алды. Бул иш-чара курамына Армения, Азербайжан, Грузия, Молдова жана Украина кирген «Чыгыш өнөктөштүгүнүн» он жылдык мааракесине арналган.

Евробиримдиктеги бир нече булактар жогорудагы беш өлкөнүн лидерлери менен кошо Беларус президентине да өткөн аптада чакыруу жөнөтүлгөнүн ырасташты. Бирок атын атабаган расмий өкүлдөр Лукашенко Брюсселге өзү келбей, тышкы иштер министрин жөнөтүшү мүмкүн экенин айтышты.

Беларус президенти Евробиримдик уюштурган иш-чарага биринчи жолу расмий чакыруу алып жатат. Себеби Беларусту 25 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенко «Чыгыш өнөктөштүгүнүн» буга чейинки төрт саммитине тең чакырылган эмес.

Беларуста 2010-жылдын декабрь айындагы президенттик шайлоодон кийин адамдардын камалышынан улам Брюссел Минскиге санкция жарыялаган. Бирок 2015-жылы бир катар саясий туткундар бошотулганына жооп катары Евробиримдик бул санкциялардын басымдуу бөлүгүн токтоткон болчу.

XS
SM
MD
LG