Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Тажик-ооган чегинде аткезчилер окко учту


Тажикстан менен Ооганстандын чегиндеги тажик чек ара бекети.
Тажикстан менен Ооганстандын чегиндеги тажик чек ара бекети.

Тажик-ооган чек арасындагы куралдуу кагылышууларда бир тажик чек арачысы жарадар болуп, эки ооган аткезчи жок кылынды. Коңшу өлкөнүн күч түзүмдөрү «Азаттыктын» тажик кызматына кабарлашкандай, окуя ишемби күнү Тажикстандын түштүк тарабындагы Шамсиддин Шохин районунун аймагында болгон.

Сегиз куралчан ооган аткезчиси эки жолу чек арадан өтүүгө аракет кылган. Атышуулар болгон аймакта 60 килограммдай баңгизат, «Калашников» автоматтары табылган. Мерт болгон аткезчилердин өлүктөрү ооган бийлигине өткөрүлүп берилгени жатат.

Тажикстандын Ооганстан менен чек ара тилкеси 1400 чакырым. Эл аралык эксперттердин билдиргени боюнча, бул эки мамлекеттин ортосунда көмүскө «Түндүк маршрут» аркылуу ооган баңгизаты Борбор Азияга, ал жактан Орусия менен Европага өтөт.

XS
SM
MD
LG