Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Судан: Аскердик кеңеш митингчилердин талабын аткармай болду


Баш калаа Хартумдагы демонстранттар. 13-апрель, 2019-жыл.
Баш калаа Хартумдагы демонстранттар. 13-апрель, 2019-жыл.

Миңдеген судандыктар өлкөнү 30 жыл башкарган президент Омар Баширдин бийлиги 11-апрелде кулаганына карабастан, аскердик штабдын алдында нааразылык акцияларын улантууда. Алар мурдагы режимдин адамдары дагы эле бийликте турганын айтып, аскерлерди бийликти толугу менен жарандык өкмөткө өткөрүп берүүнү талап кылууда.

Судандын бийликти колуна алган Аскердик кеңеш жекшембиде өкмөткө аскердик эмес адамды алып келүүгө макул болду.

«Биз баарыңыздардан кыска убакыт ичинде өкмөттүн башына көз каранды эмес, мекенчил адамды тандоо боюнча мунасага жетүүнү каалайбыз жана ушундан үмүт кылабыз. Биз бардык тарап жарандык өкмөттү түзүүгө макул болот деп үмүттөнөбүз», - деди Аскердик кеңештин мүчөсү, генерал-лейтенант Ясир ал-Атаа.

11-апрелде өлкөнү отуз жыл башкарган Баширдин бийлиги кулап, анын ордуна аскердик кеңеш түзүлгөн. Анын башына Баширдин убагында вице-президент, коргоо министри болгон Авад ибн Ауф келген. Бирок элдин нааразылыгынан кийин ал 14-апрелде кызматтан кетүүгө мажбур болду. Ушундан кийин аскердик кеңешке генерал Абдел Фаттах Бурхан дайындалып, бийликти жарандык өкмөткө эки жыл аралыгында өткөрүүгө убада берди.

XS
SM
MD
LG