Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Евробиримдик Румынияны реформа баштоого чакырды


Лаура Кодруца Көвеши.
Лаура Кодруца Көвеши.

Европа Биримдиги Румынияны «реформалар процессин тезирээк баштоого» чакырды.

Уюмдун мыйзам чыгаруучулары бул өлкөдө укук нормаларынын сакталышын талкуулаган жыйын өткөрүп, «окуялар кылдат талданып жана тынчсыздануу жаратып жатканын» айтып чыгышты.

Страсбург шаарында өткөн жыйында сүйлөп жатып Европарламенттин юстиция комиссары Вера Журова:

- Биз Румыния реформалар жараянын туура багытка түшүрүшү керек экенин бир нече жолу айтканбыз. Муну тез арада ишке ашыруу зарыл. Артка эмес, алдыга кадам ташташ керек, - деп билдирди.

Журова ошондой эле мыйзам үстөмдүгүн сактоодо жана коррупцияга каршы күрөшүүдө реалдуу коркунучтар бар экенин белгиледи.

Евробиримдиктин Румыниянын бийлигине карата сыны өлкөнүн Антикоррупциялык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, прокурор Лаура Көвешиге кысым жасала баштагандан бери күчөдү.

Ал жемкорлукка каршы мекемени беш жыл жетектеп, көптөгөн былыктарды таап чыккан.

Бирок кийин өзүн иштен алып, өлкөдөн чыгышына убактылуу тыюу салып коюшкан. (RK)

XS
SM
MD
LG