Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:05

АКШ: Мюллердин жаңыртылган баяндамасы жарыяланат


Роберт Мюллер. 13-июнь, 2013-жыл.
Роберт Мюллер. 13-июнь, 2013-жыл.

АКШда атайын кеңешчи Роберт Мюллердин Орусиянын Кошмо Штаттардагы 2016-жылдагы президенттик шайлоосуна кийлигишүүсү тууралуу баяндамасынын такталган жаңы варианты 18-апрелде жарыяланмай болду.

Өлкөнүн Юстиция министрлиги бул баяндама Конгресс үчүн да, жалпы коомчулук үчүн да жеткиликтүү болорун билдирди.

Роберт Мюллер эки жылга созулган иликтөөсүнүн жүрүшүндө Орусия шайлоолорго хакердик чабуулдар жана такталбаган маалыматтарды жайылтуу менен кийлигишкенин аныктаган. Ошол эле маалда атайын прокурор президент Трамптын же анын командасынын Орусия менен кутумга барганы тууралуу далилдерди тапкан эмес. Бирок президентти күнөөсүз деп атоодон баш тартып, бул маселени башкы прокурордун кароосуна калтырган.

Ал эми Орусиянын президенти бул тууралуу «Биз башында эле "Мюллер мырзанын чуулгандуу комиссиясы эч нерсе таппайт" деп айтканбыз» деп жооп кайтарган. (RK)

XS
SM
MD
LG