Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Тарых музейи жана ат майдан боюнча мурунку алты аткаминерге айып коюлду


Тарых музейинин ичиндеги бул жыгач мамынын ар бири 1137 евродон алынган.
Тарых музейинин ичиндеги бул жыгач мамынын ар бири 1137 евродон алынган.

Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде депутат Алмамбет Шыкмаматовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Жамшитовдун айтымында, Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айып коюлган. Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев.

Башкы прокурордун сөзүнө караганда, бул иштен мамлекеттик бюджетке 247 млн. сомдук зыян келтирилген. Анын 101,6 млн. сому музейден, 145,9 млн. сому ат майданды оңдоодогу коррупциядан келтирилген зыян.

Тарых музейиндеги коррупция тууралуу былтыр 25-майда «Ата Мекен» фракциясы айтып чыккан. Анда музейди оңдоого акча сарамжалсыз жумшалганы, жабдуу, эмерек жана экспонаттар өтө кымбат баада сатылып алынганы жарыяланган.

Жыгачтан жасалган 58 даана инсталляциянын ар бири 600 доллардан, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланганы айтылган.

Кийинчерээк Улуттук тарых музейин оңдоо учурунда сыйрылып алынган кымбат баалуу мармар жана гранит плиталардын жарымынан көбү дайынсыз жоголгону ачыкка чыккан.

Көп өтпөй УКМК музейди реконструкциялоодо бюджеттик каражатты туура эмес жана максатсыз пайдалануу тууралуу текшерүү жүргүзүп, кылмыш ишин козгогон.

Башкы прокурор: ЖЭБ ишине сот баа берет
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:26 0:00

Экс-премьер-министр Сапар Исаков Улуттук тарых музейин оңдоого тиешеси бар экенине сыймыктанарын айтып, ал эми ага кымбат баада сатылып алынган экспонаттар өз баасына ылайыктуу деп билдирген.

Ал музейдеги коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин саясий негизде, мурунку бийликте тургандарды каралоо максатында козголгон деген пикирин айткан. (ZKo)

Музейдеги миллиондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:21 0:00

XS
SM
MD
LG