Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Кыргызстанда эң коррупцияланган мамлекеттик органдарды атады.
«Биздин талдообуз боюнча Ички иштер министрлиги жана анын түзүмдөрү, Транспорт жана жол министрлиги жана анын түзүмдөрү, Мамлекеттик экотехинспекция жана анын түзүмдөрү, Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы жана Мамлекеттик коргоо комитети коррупцияланган. Мыйзам бузуу Юстиция, Экономика жана Финансы министрлигинде аз катталган. Бул негизинен бизге келип түшкөн арыздар менен текшерүүлөрдүн жыйынтыгында аныкталды», - деди Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов бул маалыматты Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетке прокуратуранын 2018-жылдагы иши боюнча отчет берип жатып айтты. (BTo)