Линктер

шаршемби, 24-апрель, 2019 Бишкек убактысы 21:54

Макрон Нотр-Дамды калыбына келтирүүгө убада берди


Нотр-Дам чиркөөсүн өрт каптады. Париж. 15-апрель, 2019-жыл.

Дүйнө лидерлери Париждин Нотр-Дам чиркөөсүндө болгон катуу өрткө байланыштуу француздарга көңүл айтып, алар менен чогуу кайгырып жатканын билдиришти.

АКШ президенти Дональд Трамп «Твиттердеги» баракчасына «Кудай, Франция элин сакта» деп жазды.

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин кеңсеси тараткан билдирүүдө «Нотр-Дам - Франциянын жана Европа маданиятынын символу. Биз француз досторубуздун кайгысын тең бөлүшөбүз» деп жазылат.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон окуя болгон жерге 16-апрелге караган түнү барды. Ал чиркөөнү калыбына келтирүүгө убада берди. Ал өрттү «үрөй учурган трагедия» деп атады.

15-апрелдин кечинде башталган өрттөн 850-жылдык тарыхы бар чиркөөнүн кыл чокусу жана чатыры урап түштү. Бирок байыркы имараттын негизги конструкциялары жана ичиндеги баалуу реликвиялар сакталып калганы кабарланды.

Полиция өрттүн тутанышына эмне себеп болгону белгисиз экенин айтса, Париждин өрт башкармалыгы тилсиз жоо имарттагы оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу экенин билдирди.

Тилсиз жоо менен күрөшүү маалында бир өрт өчүрүүчү катуу жабыркаганы айтылды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG