Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:29

Аба ырайы: Күн сууп, нөшөрлөгөн жаан жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

19-20-апрелдерде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаалардын жүрүшүн, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал багууну кыйынчылыкка учуратат.

17-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8 градус жылуу болот.

17-апрелде Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 16…18° болот.

XS
SM
MD
LG