Эл аралык «Human Rights Watch» (HRW) укук коргоо уюму Германиянын канцлери Ангела Меркелди Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда өлкөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча маселе көтөрүүгө чакырды.
«Немис лидерлери адам укуктарына байланыштуу мүшкүлдөрдү токтотуш үчүн Жээнбековго басым көрсөтүүнү уланта бериши керек» деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
Ошондой эле баяндамада өлкөдөгү айрым «жакшы кадамдар» да белгиленген. Мисал катары кыргыз парламентинин «чет элдик агенттер» боюнча мыйзамды четке какканы келтирилген.
«Human Rights Watch» камактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин да өз баяндамасында белгилеген.
«Анын камакта кала бериши Кыргызстанда жетишилген бардык прогресстерге көлөкө түшүрүп жатат» деген уюм 70 жаштагы Аскаров түрмөдө кыйноого кабылганын белгилейт.
Ошондой эле эл аралык уюм Германиянын лидерлерин Кыргызстанда кеңири жайылган кыйноо фактыларына көңүл бурууга чакырат.
Билдирүүдө кыргыз бийлиги үй-бүлөлүк зомбулукка, эрте нике кыюуга жана ала качууга каршы жетиштүү күрөш жүргүзүшү зарыл экени да кошумчаланган.
Жээнбеков Германияга эки күндүк расмий сапар менен 15-апрелде барган. Ал дүйшөмбүдө Бавариянын аймагынын жетекчилиги жана Германиядагы кыргызстандык журтташтар менен жолугушту.