Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Туризм департаменти: 2019-жылы Кыргызстанга 7 млн. 400 миң турист келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мындай божомолун Туризм департаментинин башчысы Максатбек Дамир уулу басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, былтыр туризм тармагында ири иш-чаралар арбын болду, анын ичинде Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кыргызстанга чет мамлекеттерден 6,9 млн. адам келген.

«2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүмдүн (ИДП) көлөмүндө туризмдин үлүшү 5% түздү. Бул - 27 млрд. 800 млн. сом. Туристтерге көрсөтүлгөн кызматтын жалпы суммасы 450 млн. долларды түздү», - деди Максатбек Дамир уулу.

Жетекчи быйыл туристтер 15% көбөйөрүн айтып, негизги агым араб өлкөлөрү менен Сауд Арабиясынан болот деген ишеничин билдирди.

Былтыр Кыргызстанга визасыз режим менен 140 миң киши кирген.

Расмий маалыматтар боюнча өткөн жылы Кыргызстанга келген дээрлик 7 млн. кишинин тең жарымын туристтер түзгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG