«Бийликти кулатууга аракет кылган» деген шек менен бир жыл мурда камалган Жогорку Раданын депутаты, мурдагы учкуч Надежда Савченко 15-апрелде түрмөдөн бошотулду. Киев райондук соту анын камак мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу ушундай чечим чыгарды.
Мурдагы учкуч Савченко эки жыл орус түрмөсүндө отуруп, 2016-жылы мекенине кайтып келгенден кийин чоң саясатка киришкен. Ал Орусияда туткунда отурганда эле украин парламентине депутат болуп шайланган. Савченко быйылкы президенттик шайлоого да катышууга ниетин билдирип келген эле. Савченко өзүнө коюлган айыптарды «саясий чагым» жана «сюрреализм» деп атап келген. Аны менен кошо Владимир Рубан да бошотулду. Согуш туткундарын бошотуу боюнча «Офицердик корпус» аттуу борбордун жетекчиси 9-мартта Донецк облусунда кармалган. Анын жанынан ири көлөмдөгү курал-жабдык табылганы айтылган.
2014-2016-жылдары Савченко орусиялык эки журналисттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Орусияда түрмөдө отуруп чыккан. Аскер күчтөрүнүн учкучу болгон бул айым Донбасстагы жикчилдердин колуна түшүп калып, орус соту аны 20 жылга абакка кескен. Кийин ал Киевде соттолгон орусиялык жоокерлерге айырбашталган.