Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Украина: Депутат Савченко камакка алынды


Жогорку Раданын депутаты кесиптештеринин суроолоруна жооп берип жатат. Киев. 22-март, 2018-жыл.
Жогорку Раданын депутаты кесиптештеринин суроолоруна жооп берип жатат. Киев. 22-март, 2018-жыл.

Киевде кечээ Жогорку Раданын депутаты, мурдагы учкуч Надежда Савченко «бийликти төңкөрүүгө аракет кылган» деген шек менен камалды. Бейшембиде Украина парламентинин депутаттары көпчүлүк добуш менен Башкы прокуратуранын Савченкону кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун жактырышты.

22-мартта Украин парламенти - Жогорку Рададагы добуш берүүдөн кийин мурдагы учкуч, депутат Надежда Савченко имарат алдына топтолгон тарапташтары жана туугандары менен жолугуп, кайра парламентке кирээри менен дароо камакка алынды.

Ага чейин парламенттеги жыйында алгач депутаттарга бул иш боюнча тергөөнүн аудио жана видеоматериалдары көрсөтүлдү. Андагы видеолордун биринде Савченко, «Офицерлер корпусу» уюмунун башчысы, эки апта мурда камакка алынган Владимир Рубан жана “Березень” деген лакап аты бар офицердин сүйлөшүп отургандары чагылдырылган.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн атайын бөлүмүнүн башчысынын иш бөлмөсүндө 2017-жылдын 1-декабрында тартылган видеодо үчөө украин бийлигин төңкөрүүнүн ар кандай жолдорун талкуулап жатышканын көрүүгө болот. Видеодо Савченко парламенттин схемасын чийип, жыйындар залында сессия өтүп жаткан маалда алты гранатаны ыргытып жетише аларын айтып жатат.

- Аларды (президент Петро Порошенко, Ички иштер министри Арсен Аваков, Улуттук коопсуздук кеңешинин башчысы Александр Турчинов) физикалык түрдө жок кылуу керек. Аларды качканга мажбурлоо керек, -дейт Савченко видео тасмада.

Украинанын Башкы прокурору Юрий Луценконун айтымында, Надежда Савченкого жана Владимир Рубанга «кутум уюштуруп, бийликти күч менен басып алууну көздөшкөн», «теракт уюштурууга даярданышкан», «Украинанын жогорку бийлик өкүлдөрүнө, анын ичинде президенттин өмүрүнө кол салууну көздөшкөн, «ДЭР» террордук уюмунун ишмердүүлүгүнө көмөктөшкөн», "мыйзамсыз куралды сактап жана экинчи тараптарга өткөрүп беришкен", деген сыяктуу кинелер тагылган.

- 2017-жылдын жай жана күз мезгилдеринде Рубан менен Надежда Савченко өзүлөрү пландаган террорчул чабуулдарды аткара турган жана аларга көмөктөшө турган кишилерди издешкен. Өзгөчө Савченко Украинанын куралдуу күчтөрүнүн ар кайсы бөлүмдөрүнүн офицерлери менен байланышып, аларга пландалган террактты уюштурууга катышууну жана конституциялык түзүмдү төңкөрүүнү сунушташкан.

Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко, маңдайында Надежда Савченко. Киев. 22-март, 2018-жыл.
Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко, маңдайында Надежда Савченко. Киев. 22-март, 2018-жыл.

Башпрокурор Луценко ошондой эле Савченко Рубан экөө Киевдин борборун, анын ичинде Жогорку Раданы аткылоону болжошконун айтты.

- 2017-жылы Рубан менен мыйзам чыгаруучу Надежда Савченко конституциялык түзүмдү уратып, Украина бийлигин басып алуу максаты жаатында сүйлөшкөн. Буга чейин алар Украина баш калаасынын борборунда, административдик жана ири турак-жайлар жайгашкан аймакта теракт уюштууруну пландашкан.

Депутаттардын алдында көрсөтүлгөн далилдерди Савченко “саясий чагым” жана “сюрреализм” деп атады. Ал ошондой эле муну менен тек гана бийликти коркутуп коюуну көздөгөнүн кошумчалады.

Парламент депутаты “теракт уюштуруу менен саясий провокация жаратып, бийликке ал түбөлүк эмес экенин” көрсөткүсү келгенин айтты.

Ал куралды козголоңчулардан мыйзамсыз сатып алып турганын мойнуна алып, буга “Донбасстагы согушту кандай гана жол менен болбосун токтотуу" үчүн барганын айтты.

- Мен Украинанын баатыры экенимди Москванын абактарында отуруп, тышкы душмандар менен күрөшүп атып көргөзгөм. Эми мен силерге, - Украинанын ичиндеги душмандарга, - Украинанын баатыры деген кандай экенин көргөзөм.

Жогорку Рададагы талкууда сөз сүйлөгөн “Петро Порошенконун блогу” фракциясынын лидери Артур Герасимов мурдагы учкучтун пландары “Орусия Украинага каршы жүргүзүп жаткан гибриддик согуштун” бир бөлүгү, деп айтты.

Ал эми баш прокурор Юрий Луценко майнапсыз бийликти төңкөрүү аракетинин артында орус президенти Владимир Путиндин өкүл баласы, “Украин тандоосу - элдин тандоосу” кыймылынын лидери Виктор Медведчук турушу ыктымал деп кыйытты.

Украина депутаты Надежда Савченко энеси менен. Киев. 22-март, 2018-жыл.
Украина депутаты Надежда Савченко энеси менен. Киев. 22-март, 2018-жыл.

Савченко айым буга чейин кармалган Владимир Рубандын ишине байланыштуу суракка чакырылган.

Согуш туткундарын бошотуу боюнча "Офицердик корпус" аттуу борбордун жетекчиси 9-мартта Донецк облусунда кармалган. 2014-2016-жылдары Савченко орусиялык эки журналисттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Орусияда абакта отуруп чыккан. Аскер күчтөрүнүн учкучу болгон бул айым Донбасстагы жикчилдердин колуна түшүп калып, орус соту аны 20 жылга абакка кескен. Кийин ал Киевде соттолгон орусиялык жоокерлерге айырбашталган.

XS
SM
MD
LG