Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:32

Вера Савченко Украинага кайтарылды


Вера Савченко
Вера Савченко

Орусияда 22 жылга соттолуп, абакта отурган украин учкучу Надежда Савченконун сиңдиси бейшемби күнү түштөн кийин мекенине кайтарылды. Вера Савченко бир күн мурда орус-украин чек арасында кармалган эле.

Вера Савченко Орусия чек арасынан мекенине өткөнү тууралуу кабарды алгач кечээ түштөн кийин украин президенти Петро Порошенко Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.

“Ростовдогу башкы консул мага азыр эле Вера Савченко чек арадан өткөнүн, азыр ал өз мекенинде экенин кабарлады”, - деп жазды Порошенко.

Буга улай эле Вера Савченко өзү да мекенине кайтып келгенин ырастады. “Туулган жер... Баарыңарга рахмат. Менин кармалышыма тынчсыздангандарга, бошотууга жардам бергендерге, чаалыкпас консулдарга, саясатчыларга. Мен үйдөмүн. Эми Надяны жана биздикилердин баарын ушинтип бошотушубуз керек”, - деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.

Орусияда абакта отурган эжесине барган Вера Савченко 27-апрелдин кечинде Украинага кайтып келатканда кармалган. Орус чек арачылары ал чек арадан украин дипломаттарынын автоунаасы менен өтүп жатканда кармап, паспортун алып койгону кабарланган.

Анын эжеси Надежда Савченконун адвокаты Марк Фейгин 28-апрелде Киевдеги маалымат жыйынында ал Орусияда издөө салынгандардын катарында экенин ырастаган:

- Аны кармашып, паспортун алып коюшту. Ал айыпталуучу катары Орусияда федералдык издөөдө экенин айтышты. Бул туура.

Адвокат андан ары Верага орус тарап сотту сыйлаган эмес деген айып такканын, бул беренеде жарым жылдык абак жазасы каралганын да кошумчалады:

- Вера Савченкого “сотту сыйлаган эмес” деген негизде иш ачылып, сыртынан айыпталган. Азыр эми аны жоопкер катары суракка алуу боюнча буйрук түшкөн көрүнөт. Эртең менен ал Ростов на-Донудагы Украинанын башкы консулдугуна жеткирилди.

Расмий Киев кырдаалды териштирүү үчүн чек арага Украинанын Ростов-на-Дону шаарындагы башкы консулу Виталий Москаленкону жөнөткөн болчу. Мындай кийлигишүүлөрдөн соң Вера Савченко 28-апрелде эртең менен аталган шаардагы Украинанын башкы консулдугуна жеткирилген.

Сиңдиси кармалар алдында айрым маалымат агенттиктери Орусияда кармалып турган Надежда Савченкону Украинага экстрадициялоо боюнча иш башталганын кабарлаган эле. Бул маалыматты адвокат Марк Фейгин да ырастады:

- Надя Савченко кечээ экстрадициялоо боюнча документти алганы чын. Азыр аны толтуруп жатат. Кесиптешим Николай Полозовдун көмөгү менен аны 29-апрелде бүтүрөт деп турабыз.

Орусиянын Ростов облусундагы Донецк шаардык соту 22-мартта украин учкучу Надежда Савченкону 2014-жылы Луганск облусунун аймагында эки орус журналистинин өлүмүнө тиешеси бар деп таап, 22 жылга эркинен ажыраткан жана чек араны мыйзамсыз өткөн деген кине менен 30 миң рубль айыпка жыккан. Савченко бул айыптарды моюнуна албасын жана орус сотун тааныбасын айткан.

Украин президенти Петро Порошенко бул ишти "маскара сот" деп атаган. Киев өкмөтү жана Батыш лидерлери Савченкону саясий туткун деп белгилешкен.

19-апрелде президент Петро Порошенко Надежда Савченкону Орусиянын түрмөсүнөн бошотуу боюнча Москва менен макулдашканын билдирген.

34 жаштагы учкуч орус абагында жатканда Жогорку Радага депутат болуп шайланган. Украинада аны өз элинин баатыры катары санашат.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG