Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Украина “орус аскерлерин” соттоду


Евгений Ерофеев жана Александр Александров. Киев, 18-апрель, 2016-жыл.
Евгений Ерофеев жана Александр Александров. Киев, 18-апрель, 2016-жыл.

Украинада Орусиянын эки жараны он төрт жылдан абакка кесилlи. Расмий Киев орус аскер кызматчылары деп санаган, Москва четке каккан бул эки жаран эми Орусиянын түрмөсүндө отурган украиналык аскерий учкуч Надежда Савченкого алмаштырылуусу мүмкүнбү?

Киевдин райондук соту бир нече айга уланып келип, 18-апрелде жыйынтыкталган жараянда Евгений Ерофеев менен Александр Александровдун орусиялык аскер кызматчылар экени далилденди деп тапты.

Украин соту орусиялыктарды аларга коюлган айыптардын басымдуу бөлүгү боюнча, анын ичинде агрессивдүү согуш жүргүзгөнү, украин аскер кызматчысынын өлүмүнө алып келген террористтик ишмердикке барганы үчүн күнөөлүү деп эсептеди.

Прокурорлор эки орусиялыкты 15 жылдан кесүүнү, адвокаттары болсо толук актоону суранышкан. Сот аларга үй-мүлкүн конфискациялоо менен он төрт жылдык түрмө жазасын чектеди. Адвокаттар өкүмдү апелляцияга берерин дароо эле айтышты.

Орусиянын бийликтери болсо башынан тарта эле Украина кармаган эки жигит алардын аскер кызматчылары экенин моюнга алышкан эмес, армиядан мурда эле бошонуп кеткендер деп ырастаган. Ерофеев менен Александров былтыр 16-майда кармалгандан кийинки алгачкы видео көрсөтмөсүндө аскер кызматчылары экенин айтышкан:

- Менден аскер кызматчысы катары эмне үчүн баш тартышканын түшүнүп жатам. Бирок мен али өз өлкөмдүн жаранымын да, жок дегенде менден жаран катары баш тартпагыла! Мага рахмат айтышпасын билем. Мен үчүн көйгөйдүн баары үйгө кайткандан кийин чыгат деп ойлоп турам, -деген эле Евгений Ерофеев былтыр май айындагы видео көрсөтмөсүндө.

Анткен менен кийин сотто ал шериги экөө мындан баш тартып, жогорудагыдай сөздөрдү кысым астында айтышканын, өзүн өзү жарыялаган “Луганск элдик республикасынын” аймагына киргенге чейин эле армиядан кеткенбиз деп билдирип чыгышкан.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00
Түз линк

Кандай болгон күндө украин соту кескен бул эки орусиялык жигиттин ысымы расмий Киев Орусияда соттолгон украин учкучу Надежда Савченкого алмашуучулар катары буга чейин бир нече жолу аталган:

- Украинанын жетекчилиги, анын ичинде президент Порошенко Орусияда учкуч Надежда Савченкого өкүм чыккандан кийин эле аны эки орус аскер кызматчысына алмашууну сунуш кылган. Бул украин тараптын расмий сунушу. Орусия азырынча бул вариантты жерип жатат. Мындай вариант ишке ашабы же жокпу, албетте Путинге гана көз каранды. Мен тараптан кетип жаткан бул цинизм үчүн кечирип коюңуз, бирок Ереофеев менен Александровдун соттолгондугу тууралуу факт алардын жана Савченконун укуктук маккамын теңөөдө, - деди “Азаттык” менен маегинде киевдик саясий талдоочу Владимир Фисенко.

Савченко сотто. 21-март, 2016-жыл.
Савченко сотто. 21-март, 2016-жыл.

Орусиялык тарап соттолгондорду аскер кызматчысы катары тааныбай жатканын эске алганда ыктымал алмашуунун ишке ашуусу канчалык мүмкүн?

Биз бул суроону кайра эле киевдик саясий талдоочу Владимир Фисенкого жолдодук:

- Маселе Орусия аларды аскер кызматчысы катары тааныган же тааныбаганында эмес. Алар Орусиянын жарандары. Мен сизге башка мисал айтайын. Москва АКШга Савченкону АКШ түрмөсүндө отурган эки орусиялыкка: курал соодагери Виктор Бутка жана курал аткезчилигине катышы бар деп соттолгон бир учкучуна алмашууну сунуш кылган. Бейрасмий деңгээлде берилген бул сунушту АКШ тарап четке каккан экен. Көрдүңүзбү, Орусия алмашууну каалагандардын Донбасстагы согушка тиешеси деле жок. Аларды деле Орусия курал соодасы менен алектенген деп тааныган эмес. Орусия болгону Савченконун маселеси боюнча Украинаны кабыл албай турганын, муну АКШ менен талкуулагысы келип жатканын көргөзүүдө. Бул - Путиндин оюндары, маселе мына ушунда. Көптөгөн байкоочулардын пикиринде, Савченкону алмашуу Путинге пайдалуу эле болмок, бирок психологиялык оюндар башталып кетип жатпайбы. Андыктан, кандай жыйынтык болот, эмне менен аяктайт. Муну тилекке каршы азыр айтуу мүмкүн болбой турат.

Надежа Савченконун орусиялык адвокаты Илья Новиковдун айтымында, учкучту Украина соттогон эки орусиялыкка алмашуу маселесин расмий талкуулоо алардын өкүмү 30 күн ичинде киргенден кийин гана мүмкүн.

Өткөн айда 22 жылга кесилген Савченко учурда абакта кайрадан кургак ачкачылык кармоодо. Орусия сотуна ишеним жок деген жүйөдөн улам ал биринчи инстанциядагы өкүмдү апелляцияга берүүдөн баш тарткан.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG