Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Орусияда украин учкучунун соту башталды


Надежда Савченко сотто. 22-сентябрь, 2015-жыл.
Надежда Савченко сотто. 22-сентябрь, 2015-жыл.

Орусиянын соту украиналык учкуч Надежда Савченконун иши боюнча негизги териштирүүлөрдү баштады. Учкуч камакта жалган жалаа менен отурганын айтып келет. Анын адвокаттары сот айыптоочу өкүм чыгарарын азыртан эле болжошууда.

Украиналык учкуч, камакта отурганда парламент депутаттыгына шайланган Надежда Савченкого каршы кылмыш ишти кароонун негизги бөлүгүнө Орусиянын Ростов облусундагы Донецк шаардык соту 22- сентябрда киришти. Жараян ачык деп жарыяланганы менен, топтолгон журналисттер сот залына киргизилген жок.

Надежда Савченко сотто прокурорлордун айыптоо корутундусунда айтылгандарды кайрадан четке кагып, судьядан жараяндын бардык катышуучуларынан калпты аныктоочу детекторду колдонуу менен көрсөтмө алууну талап кылды:

- Жазылгандардын баары карандай калп. Үч эпизоду тең. Бирок мен сотто көрсөтмө берем, жөн гана бербестен калпты аныктоочу детекторду колдонуу менен бердирүүнү талап кылам. Мени буга чейин тергөөчү суракка алганда да детекторду колдонгондо калп айтпаганым аныкталган. Ошондуктан ал материалдар сотко сунуш кылынган кылмыш ишке тиркелген эмес. Мени эле эмес сотто көрсөтмө бере тургандардын баарына калпты аныктоочу детекторду колдонууну талап кылам. Мен калп айтпайм, жашыра турган эч нерсем жок. Бирок сиз өзүңүз ушул сыноого чыдай аласызбы? Мен көрсөтмө берүүгө даярмын.

Надежда Савченко Орусиянын камагында былтыр июндан бери олтурат. Эгер Кылмыш кодекстин ал айыпталган беренелери боюнча күнөөлүү деп табылса, 25 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Орусия бийликтери Украинанын тик учак айдаган учкучун эки журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп айыптоодо.

Сот залынын көрүнүшү. 22-сентябрь, 2015-жыл.
Сот залынын көрүнүшү. 22-сентябрь, 2015-жыл.

Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, украиналык ыктыярчылардан куралган батальондо согушкан Савченко артиллериялык атууларды атайлап жайкын тургундарды көздөй багыттаган. Элдик кошуун тарабынан туткундалып, кайра коё берилген. Ушундан кийин учкуч Орусиянын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.

Учкуч бул ырастоолорду кескин түрдө четке кагуу менен эч качан куралсыз адамдарга ок ачпаганын, аны Украинанын чыгышынан орусиячыл жикчилдер уурдап, Орусияга өткөрүп беришкенин айтып келет.

Камакта жалган жалаа менен кармалышына нааразылык билдирип, Савченко буга чейин 80 күндөн ашуун убакыт ачкачылык да жарыялаган.

Анын адвокаттарынын жараянды Москвага которуу, ишти кайра тергөөгө жөнөтүү өтүнүчтөрүн сот буга чейин канааттандырган жок. Сот ошондой эле шейшемби күнү прокуратуранын Савченконун үч адвокатын тең иштен четтетүү өтүнүчүн канааттандырбады.

Учкучтун адвокаттары азыртан эле Савченко айыптоочу өкүм чыгып, максималдуу жаза берилет деп болжолдошууда. Алардын пикиринде, кандай өкүм болсо да учкучту Украинанын түрмөсүндө отурган орусиялык жарандарга алмашуу мүмкүнчүлүгүн жакындатат.

Адвокаттардын бири Николай Полозов “Азаттыктын” орус кызматына төмөнкүлөрдү айтты:

- Алмашуу саясий деңгээлде жүргүзүлчүдөй. Мында сот чечими жөн эле антураж болуп калат. Орусия Федерациясынын жетекчилиги, президент Путин тарабынан саясий чечим кабыл алынганда гана алмашуу болот, алмашуу сот өкүмү чыкканга чейин эле ишке ашып калышы да мүмкүн.

Өзү Орусия менен Украина ортосунда камактагыларды алмашуу жөнүндө сөз көптөн бери эле жүрүп жатат.

Бирок украин президенти Петр Порошенко бир ирет учкуч Надежда Савченко менен режиссер Олег Сенцовду камактагы орусиялык аскер кызматчыларга алмашуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган.

Ал муну камактагы орусиялык аскер кызматчылар менен Орусияда мыйзамсыз соттолуп жаткан украиналыктар ортосунда айырма бардыгы менен түшүндүргөн.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG