Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Киев: демонстранттар орус элчилигине чабуул койду


Украиналык учкуч Надежда Савченкого эркиндик берүүнү жана Москва менен алаканы биротоло токтотууну талап кылган Киевдеги акция.
Украиналык учкуч Надежда Савченкого эркиндик берүүнү жана Москва менен алаканы биротоло токтотууну талап кылган Киевдеги акция.

Жекшемби күнү Орусиянын Киевдеги элчилигинин жанына чогулган жүздөгөн кишилер дипмиссиянин имаратына жумуртка, таш ыргытышып, орус желегин өрттөштү.

Демонстранттар эки жылдан бери Орусияда камакта отурган украиналык учкуч - Надежда Савченкого эркиндик берүүнү жана Москва менен алаканы биротоло токтотууну талап кылышты. Орус тарап окуяны “кол салуу” деп сыпаттап, Киевге нота жиберди.

Орус элчилигинин жанына чогулгандар “Надеждага эркиндик!” деп кыйкырып турушту. Демонстранттар Орусия президенти Владимир Путиндин сөлөкөтүн дарга асып, мойнуна “Киши өлтүргүч” деген жазууну илип коюшкан.

Алгач Төбөлсүздүк аянтына чогулган эл бийик үн менен талаптарын кайталап, Москва элчилигинин алдына барышты. Алардын арасында Надежданын апасы Мария Савченко да жүрдү:

- Кудай буйруп, биздин балдар эркиндикке чыгат деп ишенип турам. Өкмөтүбүз бүт аракетин жумшап, орустардын түрмөлөрүндө отурган, кыйналып жаткан аскерлерибизди куткарат деген үмүтүм бар. Биздин балдарга бакыт жана таалай берсин!- деди эки жылдан бери кызынын эркиндигин тилеп жүргөн Мария Савченко.

Айрым маалымат булактары чогулгандар орус элчилигине жумуртка ыргытып, нааразылыгын билдиришкенин жазып чыгышты. Күбөлөрдүн айтымында, алгач жүзгө жетпеген адам чогулган митингге түштөн кийин көп сандагы кишилер кошулду. Жүздөгөн адамдар колдоруна Надежда Савченкону бошотуу талабы жазылган, учкуч аялдын элеси түшүрүлгөн сүрөттү кармап алышкан.

Орус элчилигинин күзөт кызматы имаратты күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өттү. Жагдайга Украина Ички иштер министрлигинин атайын бөлүгүнүн аскерлери да байкоо салып турушту.

Демонстранттар украин бийлигинен Москва менен дипломатиялык алаканы биротоло токтотууну да өтүнүп жатышты.

Орусиянын Киевдеги элчилиги акцияга нааразылыгын билдирип, “Москванын дипломатиялык миссиясына кол салышты” деген өңүттө Украинанын Тышкы иштер министрлигине нота жиберди.

Москва элчилигинин басма сөз катчысы Олег Гришин жекшембинин кечинде да акция болгонун, камуфляж кийген, куралданган топ элчилик кызматкерлеринин унаа токтоткон жайына кол салып, үч машинеге олуттуу зыян келгенин билдирди. Анын айтымында, элчиликтин имаратына түтүн каптаткыч жана жалын чыгаруучу каражаттарды атышкан.

Түнкү акциянын катышуучулары муну менен Савченкого жасаган мамилеси үчүн орус бийлигине нааразылыгын көрсөтүшкөнүн белгилешүүдө. Киев полициясы окуя боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгогонун “Азаттык” радиосунун украин кызматы кабарлады.

34 жаштагы Надежда Савченко 2014-жылдын жайында Украина чыгышындагы Луганск облусунда кармалган. Ошондон бери ал эки орус журналисттин өлүмүнө катышы бар деген шек менен Орусияда тергөө абагында отурат. Савченко күнөөсүз экенин жана москвачыл жикчилдер кармап, Орусияга өткөрүп беришкенин айтып келет.

Учкуч аял абакта жатканда Жогорку Радага депутат болуп шайланган.

Орусиянын Ростов облусундагы Донецк деп аталган чакан шаарда 3-мартта анын үстүнөн сот уланып, өкүм чыгары күтүлгөн. Бирок сот ишти кароону 9-мартка жылдырып, ага акыркы сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербей койгон. Буга нааразы болгон Савченко кургак ачкачылык баштаган. Савченконун жакындары сотто айтылбай калган анын акыркы сөзүнүн текстин жарыялаган. Анда Савченко Орусияны адам укугуна жана эл аралык укуктарга түкүргөн өлкө деп сыпаттайт.

Мамлекеттик айыптоочулар аны 23 жылга камап, 100 миң рубль айып пул салуу өтүнүчүн келтиришкен.

XS
SM
MD
LG