Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Сот Савченкого өкүм чыгарууда


Украин учкучу Надежда Савченко сотто.
Украин учкучу Надежда Савченко сотто.

Орусияда украин учкучу Надежда Савченкого бүгүн-эртең өкүм чыгышы күтүлүүдө. Андан соң учкуч Украинада камакка алынган орусиялык айыпкерлерге алмашылышы да мүмкүн.

Сот өтүп жаткан Орусиянын Донецк шаарында коопсуздук чаралары кескин күчөтүлдү. Имарат чатырларына снайперлер коюлуп, кабат үйлөр текшерилип, көчөлөргө полиция толду. Сот имаратынын алдында бийлик уюштурган, орус сотун колдогон адамдар пикет өткөрүүдө.

Ичинде украиналык аскер учкучуна өкүм окулууда. Сот чечимин жарыялоо эки күнгө созулуп, отурум соңунда жаза мөөнөтү айтылат.

Соттук коллегиянын төрагасы Леонид Степаненко Савченкону “жек көрүүчүлүк, душмандык кылып, күн мурунтан адамдар тобу менен келишип алып орусиялык журналисттер Корнелюк менен Волошинди өлтүргөн” деп айыптады.

Савченко тарап өкүм чыгышын чыдамсыздык менен күтүүдө. Алар чечимге апелляция беришпесин билдиришип, учкучту Украинага депортациялоону талап кылып келишет. Бирок мурда 23 жыл камак сураган прокуратура чечимге каршы арызданышы да ыктымал.

Мурдараак Орусиянын адам укуктары кеңешинин башчысы Михаил Федотов өкүм Минск келишимине ылайык айыпкерлерди алмашууга шарт түзөрүн айткан. Савченко Украинада терроризмге шектелип кармалган орусиялык капитан Евгений Ерофеев менен сержант Александр Александровго алмаштырылышы айтылып жатат.

Акыркы жумаларда украин президенти Петро Порошенко Савченкону алмаштырууга даяр экенин бир нече ирет кайталаган. Бирок Украина улуттук консервативдик партиясынын лидери Олег Соскин президент кечикти жана көргөн чаралары жетишсиз деп сындады:

- Ал жагдай оорлоп кетишине, Савченко өз башын өзү коргоп, кургак ачкачылыкка барышына жол берди. Аны бошотуу үчүн атайын топ түзүлүп, кескин чаралар көрүлгөн жок. Мисалы, ошол эле ханыша Елизавета экинчиге, же жамааттык пикир билдириш үчүн башка өлкө башчыларына кайрылса болмок. Украина ичинде Орусияга каршы санкцияларды күчөтүп, орусиялык банктарды жаап, дипломатиялык алакаларды үзсө да жарашмак. А бирок Порошенко Савченкону бошотууда дилгир болбоду. Менимче, Савченко Украинага келип, президент болуу ниетин билдирсе, бийлигине канчалык коркунуч тууларын Порошенко туюп жатат.

Сот өтүп жаткан жерде коопсуздук чаралары күчөтүлдү
Сот өтүп жаткан жерде коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Надежда Савченконун камакта жатып эле депутат болгонун эске алган киевдик саясат талдоочу Руслан Бортник эгер ал эркиндикке чыкса саясий чөйрөнү өзгөртүп жиберерин боолголойт:

- Ал Жогорку Радага Тимошенконун “Батькивщина” партиясынан келген. Акыркы сурамжылоо Тимошенконун аброю Порошенконукунан жогору экенин көрсөттү. Демек, Савченко келечекте Тимошенкого дагы салмак кошот. Албетте, бул президентке жакпайт. Экинчиден, Савченко Донбасстагы жаңжалды, Украина менен Орусия ортосундагы саясий сүйлөшүүлөрдү жакшы билет. Ошон үчүн анын эркиндикке чыгышы украиналык саясий элитанын куйкасын куруштурат. Порошенконун Путинге ачык кайрылып, “алмашалы” дебегени - адамды бошотуу аракети жүрбөй эле көшөгө артында кандайдыр сүйлөшүүлөр болуп, Савченко медиасогуштун, пиардын предмети катары колдонулуп жатканынан кабар берет.

Сот өтүп жаткан жерде
Сот өтүп жаткан жерде

“Азаттыкка” маек берген украиналык саясатчылар жана талдоочулар учкуч-депутат учурда Украинада бийик кадыр баркка ээ болуп турганын, эркиндикке чыгып, саясатта өз алдынча кетем десе, Порошенко тургай Тимошенкого деле атаандаш болорун болжошот.

Деген менен Украинадагы саясат институтунун директору Кость Бондаренко учкуч-депутат ири саясий оюнчуларга атаандаш көрбөйт:

- Азыр Савченконун рейтинги менен кызыкчылыктары жагдайга жараша болуп атат. Ага болгон кызыгуу анын мекениндеги кадамдарына жараша сууп да калышы мүмкүн. Эгер ал өзүнчө саясий күч болуп чыкса Тимошенконун эмес, Одессанын губернатору Михаил Саакашвилинин, же Радикалдык партиянын төрагасы Олег Ляшконун күйөрмандарын тартып алышы мүмкүн.

Савченкодо саясий тажрыйба, команда болбогондуктан, кай бир саясий күчтөрдүн куурчагына айланып калбас бекен деген да чочулоолор күч.

Надежда Савченко 2014-жылы орусиялык эки журналисттин өлүмүнө шектелип кармалып, Орусияга өткөрүлүп берилген. Ошондон кийин анын аты коомчулукка тарап, Украинанын Баатыры наамы ыйгарылып, Жогорку Радага депутаттыкка шайланган. Савченко саясий туткун деп санаган бир катар өлкөлөрдүн активисттери аны бошотууну Орусиядан талап кылып келишет.

XS
SM
MD
LG