Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Украиндер баатыр депутатын камайбы?


Надежда Савченко Жогорку радада. 15-март, 2018-жыл.
Надежда Савченко Жогорку радада. 15-март, 2018-жыл.

Украиналык депутат, мурунку аскердик учкуч Надежда Савченко теракт даярдаган деп шек саналууда. Бейшембиде башкы прокурор Юрий Луценко парламентке келип, Савченконун иши боюнча түшүндүрмө берди.

Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко Жогорку Раданын депутаты Надежда Савченкону "парламентте теракт кылууну даярдаган" деп айыптап, депутаттык кол тийбестиктен ажыратууну өтүндү.

“Тергөө айныксыз далилдерге таянып, Украинанын эл депутаты Надежда Савченко ушул залда террористтик чабуул коюуну пландап, ал үчүн адамдарды азгырып, өзү көрсөтмө берген деп тапты” – деди Луценко парламентте.

Савченко ушул залдагы "өкмөт мүчөлөрү жана жооптуу адамдар отурчу эки катарды согуштук гранаталар менен жардыруунун жана Жогорку раданын төбөсүн минометтор менен атып түшүрүп, калган кишилерди автоматтар менен чайкап салуунун” планын иштеп чыккан деп билдирди ал парламент жыйынында.

Башкы прокурор өз билдирүүсүнүн соңунда депутаттардан сунушту колдоп берүүнү өтүндү. Прокуратуранын мындай өтүнүчүнөн кийин депутаттын чет өлкөгө чыккан паспорту жараксыз деп табылат.

Украин парламенти Савченконун ишине байланыштуу сунушту 22-мартта карамай болду. 15-мартта ал Жогорку Раданын улуттук коопсуздук жана коргонуу комитетинин мүчөлүгүнөн чыгарылды.

Савченко коопсуздук кызматынан сурактан чыккандан кийин "украиндер, "жок дегенде бир жолу ушул бийликти кантип кулатсак" деп ойлонгон чыгаарсыңар. "Киевдин президенттик администрациясы турган көчөсүн же Жогорку Раданы жардырып ийсем" деп ким гана ойлонгон жок? Муну бир жеткен жалкоо гана ойлобой койбосо, элдин баары ушинтип айтышат" - деди топтошкон журналисттерге маалымат берип жатып.

"Төңкөрүш даярдоо жана бийликке кол салуу боюнча айыптоо – жакшы айыптоо. Мен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн офицеримин. Офицер катары украин элине украин жерин сактайм деп ант бергем. Украин бийлигин коргойм деп ант берген эмесмин. Мен украин бийлигин өз элине каршы кылмыш жасады деп айыптайм" - деди мурдагы аскердик учкуч.

"Орусияда Украинанын тышкы душмандарына, Украинада болсо ички душмандарга каршы күрөшүүдөмүн" деген Савченко “аскердик төңкөрүш күтүлгөн, жагдайга жараша туура окуя болмок” деп белгиледи.

Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко Савченко "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга катышкан" деп айыпталып жатканын билдирди. "Ал соңку кезде аскердик бөлүктөрдү кыдырып, өлкөдө дүрбөлөң салууга үгүттөп жүргөн" деди.

Буга чейин Жогорку Раданын депутаты башкы прокурордун билдирүүсүн "коркутуу" деп баалаган. "Мени жүүнү бош бирөө деп кабыл алышпасын, мен андайлардан эмесмин" деген эки жыл Орусияда абакта жатып, анан мекенине кайткан депутат.

Жикчилдер менен байланыш

Бейшембиде Савченко буга чейин кармалган Владимир Рубандын ишине байланыштуу суракка чакырылган. Согуш туткундарын бошотуу боюнча "Офицердик корпус" деп аталган борбордун жетекчиси 9-мартта Донецк облусунда кармалган. Ага "мыйзамсыз курал-жарак сактаган" жана "Киевде теракт уюштурууга даярданган" деген кине коюлду.

Коопсуздук кызматы өзүн «Донецк элдик республикасы» деп атап алган аймакта микроавтобуска курал жүктөп жаткандардын видеосун таратты. Видеонун түшүндүрмөсүндө "Рубан Украинанын аймагына кирип, президент Петр Порошенкого, ички иштер министри Александр Аваковго, экс-премьер-министри Арсений Яценюкка жана Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Турчиновго кол салмак" деп айтылат.

Рубан болсо машинеге эмне жүктөлгөнүн билбегенин, "Кедр" деген каймана аты бар украиналык офицер менен алдын-ала макулдашканын айткан.

Савченко сотко келип, "Владимир Рубанды согуш туткундарын бошотуу үчүн жасаган иши жана атайын кыматтарга берген жардамы үчүн сыйлайм", - деп коргоду.

Былтыр февралда Савченко Рубан менен чогуу Донбасска барып, жикчилдердин колундагы украин туткундарын көргөн. Ага чейин 2016-жылдын этегинде Минск шаарында жикчилдердин лидерлери Александр Захарченко жана Игорь Полтницкий менен жолугуп, согуш туткундарын алмашууну макулдашкан.

Мындан кийин парламенттеги "Батькивщина" фракциясы идеялогиялык ажырымдан улам Савченкону катарынан чыгарган. Эгер Савченкого айып тагылса, президент Порошенко аны "Украинанын баатыры" наамынан ажыратат.

2014-2016-жылдары Савченко орусиялык эки журналисттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Орусияда абакта отуруп чыккан. Аскер күчтөрүнүн учкучу Донбасстагы жикчилдердин колуна түшүп калып, орус соту аны 20 жылга абакка кескен. Кийин Киевде соттолгон орусиялык жоокерлерге айырбашталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG