Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Савченконун салтта жок саясаты


Надежда Савченко
Надежда Савченко

Орусияда эки жыл абакта жатып, жакында эле эки орусиялык адамга алмаштырылган украин учкучу Надежда Савченко Киев тааныбай келаткан "Донецк элдик республикасы" жана "Луганск элдик республикасынын" лидерлери менен түз сүйлөшүү керектигин билдирди.

Жогорку Раданын депутатынын мындай билдирүүсү украин жана орус коомчулугунда кызуу талкууга жем таштады. Жергиликтүү талдоочулар Савченконун бул билдирүүсүн анын саясаттагы тажрыйбасыздыгы катары баалашууда.

25-майда Орусиянын түрмөсүнөн эки жаранга айырбашталган, Жогорку Радада депутаттык ишмердүүлүгүн жаңы эле баштаган Надежда Савченко өзүн Донецк жана Луганск "элдик республикалары" деп аталган аймактардын лидерлери менен бетме-бет отуруп, түз сүйлөшүү керектигин айтып чыкты. Мурдагы учкуч Орусияга каршы экономикалык санкцияларды күчөтүп, Луганск жана Донецк "элдик республикаларынын" лидерлерин элдик депутат деп таанып, алар менен башка бир жактардын катышуусуз түз диалог уюштуруу керектигин сунуштайт.

- Биринчи кезекте Орусияга каршы экономикалык санкцияларды дагы күчөтүү керек. Анткени алар өздөрүнүн күнөөсүн дагы деле сезген жок. Экинчиден, "Донецк элдик республикасынын" жана "Луганск элдик республикасынын" өкүлдөрү менен башка 3-4-жакты катыштырбай, беме-бет сүйлөшүүгө баруу керек. Бизде бир гана президент бар. Донецктин өкүлү Захарченко жана Лугансктын өкүлү Плотницкий мырзаларды элдик депутат катары тааныса болот. Мен элдик депутат катары алар менен бетме-бет сүйлөшүп, талашты чечүүгө бармакмын.

Буга чейин өзүн "Донецк элдик республикасы" жана "Луганск элдик республикасы" деп атап алып, расмий Киевдин бийлигин тааныбай турганын билдирген эки аймактын лидерлерин украин бийликтери жикчилдер деп айыптап келген.

Ага карабай "Донецк элдик республикасынын" расмий өкүлү деп саналган Денис Пушилин депутат Савченко менен сүйлөшүүгө даярдыгын билдирди.

- Донбасс менен сүйлөшүү керек, атышуудан пайда жок, диалог керек деген ой Савченконун оозунан чыгып жатканы мени өтө таң калтырды. Ошондой болсо да эгерде Савченкого жетишерлик укуктар берилсе, биз аны менен сүйлөшүүгө даярбыз.

Ал арада Украинанын жергиликтүү талдоочулары Савченконун мындай билдирүүсүн Путиндин «көктөн издегени жерден табылды» деп баалашты.

Эксперт Фесенко Савченконун кечээги билдирүүсүн өтө орой саясий алешемдик деп баалап, депутаттын билдирүүсү Украинанын позициясы эмес, жеке саясатчынын пикири катары кабылданарына үмүттөнүп турганын жашырган жок.

- Савченко диалог деп атап жаткан сүйлөшүүгө Орусия эки жылдан бери ар кандай аракет көрүп, Украинаны көндүрө албай келген. Ал сүйлөшүү тууралуу Путин да, Лавров да айтып жүрөт. Бирок биз ал сүйлөшүүдөн баш тартып келебиз. Анткени алар менен сүйлөшүүгө баруу аларды саясий субъект катары тааныгандык болуп калат. Савченко саясий тажрыйбасынын жоктугунан улам ушундай орой алешемдик кетирди. Захарченко менен Плотницкийди элдик депутат катары саноо - федерализация катары кабыл алуу катары бааланат.

Жогорку Радада ишке киришкенине эми гана эки апта болгон Савченко жикчил аймактардын лидерлери менен сүйлөшүүгө барууну сунуштап, Донбассты күч менен кайтарып алууга каршы пикирин айтты.

Орусияда эки жыл абакта жатып, жакында эле эки орусиялык жаранга айырбашталган, украиналык аскерий учкуч Надежда Савченко Жогорку Раданын депутаты, «Батькившина» партиясынын мүчөсү.

XS
SM
MD
LG