Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

"Чоң жети" экономикага дем берүүгө умтулат


Саммиттин катышуучулары. 27-май, 2016-жыл.
Саммиттин катышуучулары. 27-май, 2016-жыл.

Жапонияда бүгүн "Чоң жетинин" саммити аяктады. Анын соңунан дүйнөнүн эң өнүккөн жети өлкөсүнүн лидерлери глобалдык маселелер боюнча бир катар билдирүүлөрдү жасашты.

Жапониядагы бул саммиттин күн тартибиндеги башкы маселелердин бири - өсүү ыргагы көтөрүлө албай жаткан глобалдык экономиканын абалы болду.

Эки күнкү сүйлөшүүлөрдүн соңунан “Чоң жетинин” лидерлери глобалдык экономикада өсүштү камсыз кылууну “чукул приоритет” берүүнү талап кылган маселе катары сыпатташты:

- Биз кабылган эң кооптуу тобокелдик, дүйнөлүк экономиканын кыскарышы. Эгер биз талаптагыдай чараларды көрбөсөк, дүйнөлүк экономика кадимки экономикалык циклдердин диапозонунан чыгып кетет да, кризиске кабылат, - деди саммиттин конок ээси, жапон премьери Синдзо Абэ жыйындан кийинки пресс-конференцияда.

"Чоң жетиге" кирген АКШ, Британия, Германия, Жапония, Италия, Канада, Франция акчалай көлөмү 77 триллион доллардан ашкан дүйнөлүк дүң өндүрүштүн 50% жакынын берет. Андыктан глобалдык экономикадагы оң же терс жылыштар аларга тикелей көз каранды.

Эл аралык валюта кору өткөн айда саммитти утурлай жарыялаган баяндамасында "Чоң жетинин" өлкөлөрүнүн быйылкы жана келерки жылга экономикалык өсүш көрсөткүчтөрү боюнча божомолун мурдагыдан төмөндөткөн болчу.

Батыш Европаны, Кошмо Штаттарды, Жапонияны чогуу алганда бир жылдык экономикалык өсүштүн көрсөткүчтөрү 2010-жылдан бери эки пайыздык чекке жете албай келүүдө. “Чоң жетинин” өлкөлөрү ичинен экономикасынын өсүү ыргагы жагынан Кошмо Штаттар алдыда турат.

Ал эми дүйнөнүн бешинчи ири экономика - Британия кокус келерки айдагы референдумдун жыйынтыгы менен Евробиримдиктен чыкса, бул “глобалдык өсүшкө олуттуу коркунуч” туудурары саммиттин билдирүүсүндө көргөзүлдү.

“Чоң жетинин” өлкөлөрү глобалдык өсүштүн негизги тобокелдиктерине, анын ичинде эл аралык тартипке терроризмден келген коркунучтарга каршы чогуу-чаран аракеттенүүнү убада кылышты:

Жастин Трюдо
Жастин Трюдо

- Кайрадан талкууланган маселелердин бири коопсуздук жана терроризм болду. Адамдарды барымтага алган террорчуларга кун төлөнбөй тургандыгын кепилдөө боюнча биздин чечкиндүүлүгүбүз эки эсе күчөдү. Кун төлөтүп алуу максатында барымтага алуулардын бүткүл дүйнө боюнча көбөйүшү адамдар ал кунду террордук уюмдардын каржы булагына айланбастан туруп, кыйыр же түз төлөй албай турганын моюнга алышына алып барды. Мындай жагдай тобокелдикке кабылган жарандардын санын көбөйтүүдө, -деди Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо саммиттен кийинки басма сөз жыйында.

Саммит соңунда экстремизмге каршы аракеттенүү планы жарыяланды. Ага катар чек ара, авиация коопсуздугун жакшыртуу, экстремизмди каржылоого көзөмөлдү күчөтүү боюнча план да жактырылды.

“Чоң жетинин” өлкөлөрү Ооганстандын өкмөтүнүн терроризмге каршы күрөшүү аракетин колдоону убада кылышты.

Саммиттин катышуучулары. 26-май, 2016-жыл.
Саммиттин катышуучулары. 26-май, 2016-жыл.

Саммиттин жыйынтык билдирүүсүндө Орусия, Украина боюнча да айтылат. Крымдын аннексиясы дагы бир жолу айыпталды.

Эгер Орусия Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуу жолдорун караган Минск тынчтык келишими боюнча милдеттенмелерин аткарабаса, “Чоң жетинин” ага каршы санкцияларды күчөтүүгө даярдыгы эскертилди.

Мурда бул катарга Орусия да кошулуп, "Чоң сегиз" деп аталчу. Бирок Крым аннексиясынан кийин Орусия катардан чыгарылган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG