Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

ЕБ-Орусия: санкциялар кармашы уланат


Владимир Путин Грецияга келди
Владимир Путин Грецияга келди

Орусия президенти Владимир Путиндин Грецияга сапары Евробиримдик менен алаканы жакшыртууга аракет экенин Кремл жашырбайт. Бирок ушул күндөрү "Чоң жети" (G7) Орусияга киргизилген санкцияларды узартууну макулдашты. Буга жоопту орус өкмөтү да кечиктирген жок.

27-майдан тарта Орусия президенти Владимир Путиндин Грецияга эки күндүк сапары башталды. Бул анын 2016-жылдын эсебинен Евробиримдикке биринчи барышы.

Путин Греция президенти жана премьер-министри менен жолугары, соода-экономика келишимдерине кол коюлары күтүлүүдө. Анын ичинде гректерди орус мунайы менен камсыздоо маселеси да бар.

Евробиримдик менен акыркы убактардагы мамилени эске алганда, сапар Орусия үчүн маанилүү экенин Кремл жашырган жок. Президенттин жардамчысы Юрий Ушаков ТАСС агенттигине:

- Бул визитке эки тарап тең чоң маани берүүдө. Эки тарапта тең алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жардамы менен бардык байланыштарды оптималдаштыруу мүмкүн деген үмүттөр бар, - деп билдирди..

Июль айында Батыштын Орусияга салган санкцияларынын мөөнөтү бүтмөк. Бирок ушул күндөрү Жапонияда жыйын курган, дүйнөдөгү өнүккөн алдыңкы жети өлкө кирген "Чоң жети" аны узартмай болду. Аны британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон жарыялады:

- "Чоң жетидеги" өлкөлөр июнда Орусия Федерациясына байланыштуу санкцияны узартууну макулдашты. Жетиликтин лидерлери санкциялар Минск келишими толук аткарылмайын күчүндө калышы керек деп чечишти. Менимче, бул өтө маанилүү чечим.

Саммитке удаа Европа кеңешинин башчысы Дональд Туск да эки-үч жумадан кийин "Чоң жетиге" кирбеген Евробиримдик өлкөлөрү деле көп талашып-тартышпай бир чечимге келерине үмүт артты:

- Эки жыл мурда Украинада жаңжал тутанганда "Чоң жети" Европа менен тилектештик көрсөттү. Биздин ошо кездегидей эле оюбуз бир. Евробиримдик "Чоң жети" сыяктуу эле кризис эл аралык укуктун негизинде, Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын сыйлоо менен гана чечилиши керек деп эсептейт. Так белгилеп коеюн, Орусияга карата позициябыз экономикалык санкциялар Минск келишими толук аткарылмайын өзгөрбөйт. Тилекке каршы, биз бир жыл мурдагы "Чоң жетинин" саммитинде үмүт кылгандай, Минск келишимин аткарууда абдан аз иш жасалды.

Грециялык “Катимерини” гезитине жазган макаласында президент Путин Орусия-Евробиримдик ортосунда “чечилбес маселе жок” деген.

Макала “Орусия жана Греция: тынчтык жана өнүгүү убайы үчүн кызматташтык” деп аталат. Анда өнөктөштүк жолуна кайтуу үчүн “бир эле дарбазаны камалаган логикасыз оюндан” баш тартып, “иш жүзүндө бири-биринин пикирин жана кызыкчылыгын эске алуу керек” деп улантылат.

Ошондой эле Путин Европага учурда дүйнөдөгү башка таасир этүүчү борборлор атаандаштык жаратып жатканын белгилейт.

Буга байланыштуу жаңы эл аралык мейкиндикте “эски континентке” татыктуу орунду бүт Европа өлкөлөрүн, анын ичинде Орусиянын потенциалын бириктирип гана камсыздоо мүмкүн деп жазат орус президенти.

Бул арада Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев Батыштын азык-түлүгүнө киргизилген эмбаргону 2017-жылга чейин узартуу сунушун даярдоону тапшырды. Бул чек АКШ, Евробиримдик, Канада, Австралия жана Норвегияга карата 2014-жылы киргизилген.

Орусия-Евробиримдик мамилеси 2014-жылы Крымды Орусия аннексиялап алгандан кийин жана Украина чыгышындагы куралдуу жаңжалдардан улам кескин сууган. Ошондон кийин экономикалык санкциялар бири-бирине киргизилген.

XS
SM
MD
LG