Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

ЕБ Орусия санкциясынан жабыркаган фермерлерге жардам бөлдү


Фермерлердин Брюсселдеги нааразылык акциясы. 7-сентябрь, 2015-жыл.
Фермерлердин Брюсселдеги нааразылык акциясы. 7-сентябрь, 2015-жыл.

Евробиримдиктин аткаруу органы - Еврокомиссия фермерлерди колдоо үчүн 500 миллион евро жардам ажыратыларын жарыялады. Фермерлер уюмдары өзгөчө сүт баасы арзандап кеткенине нааразы, алар бөлүнгөн жардам жетишсиз болорун айтышууда.

Еврокомиссия дыйкандарга 500 миллион евро жардам берүү чечимин Брюсселдеги ири нааразылык акциясына тушташ кабыл алды: “500 миллион евро – бул реалдуу акча. Ал фермерлерге тамак-ашты жакшы көргөн бизге аны туруктуу негизде өндүрүүсүнө жардам көргөзүү үчүн берилет”,-деп айтты Еврокомиссиянын вице-президенти Юрки Катайнен Брюсселдеги маалымат жыйынында.

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн айыл чарба министрлери ушул дүйшөмбүдө чукул жыйынга чогулган кезде 5000дей фермер 1000дей тракторун Брюсселдин борборуна чейин айдап кирип, шаарга жүктөй келишкен тангак чөптөрдү өрттөп жиберишкен эле.

Фермерлер чөп өрттөгөн учур. 7-сентябрь, 2015-жыл.
Фермерлер чөп өрттөгөн учур. 7-сентябрь, 2015-жыл.

Нааразылык акциясы негизинен тынч өткөнү менен фермерлер полиция менен тирешкенге чейин барып, коопсуздук күчтөрү аларга каршы суу бүрккүчтөрдү колдонду.

Европалык фермерлердин бул жолку нааразылыгына эң биринчи кезекте эски континетте сүт баасынын мурдагыдан 20-30% арзандап кеткени түрткү берди окшойт.

”Сүттү азыркы баасында сатуу мүмкүн эмес. Эгер жакын арада өзгөрүүлөр болбосо, Европанын ири аймактары сүт өндүрүүчүлөрсүз калат”,-дейт Нидерланддын сүт өндүрүүчүлөр кеңешинин төрайымы Сиета Ван Кеимпема.

Нааразылыкка чыккан фермерлер өздөрүн саясаттын курмандыгы деп эсептешет. Алар азыркы кризистин башкы себебин Орусия Батыштын санкцияларына жооп чара катары киргизген азык-түлүк эмбаргосунан көрүшүүдө.

Европалык фермерлердин Copa-Cogeca уюмунун эсебинде, алардын Орусияга бир жылдык экспортунун акчалай көлөмү 5,5 миллиард еврого барабар эле. Азыр Европа фермерлери бул базарды жоготуп отурат.

Демонстрациядан бир көрүнүш. Брюссель, 7-сентябрь, 2015-жыл.
Демонстрациядан бир көрүнүш. Брюссель, 7-сентябрь, 2015-жыл.

Андыктан аталган уюмдун президенти Пекка Песонен өз билдирүүсүндө белгилегендей, Евркомиссиянын 500 миллон евролук жардамы фермелер үчүн жетишсиз, бул акча алардын жоготууларын жаба албайт.

Адистер Орусиянын эмбаргосунан тышкары Европада сүт, эт жана жер-жемиш өндүрүшүнө кедергисин тийгизип, дыйкандардын кирешесин азайткан жагдайлар катары быйыл жайдагы кургакчылыкты, Кытайдагы экономикалык басаңдоону да аташууда.

Еврошаркет буга чейин да Орусиянын жооп санкциясынан жабыр тарткан дыйкандарды колдоо боюнча бир катар, анын ичинде продукцияны бюджет эсебинен сатып алып, кампада кармап, базарга кийинчерээк чыгаруу өңдүү чараларды көргөн.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG