Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Орусияны кооптондурган мандалак


Кекенхоф гүлбагындагы мандалактар. Голландиянын бул жайы Европанын багы деп да айтылып жүрөт. 15-апрель 2015
Кекенхоф гүлбагындагы мандалактар. Голландиянын бул жайы Европанын багы деп да айтылып жүрөт. 15-апрель 2015

Нидерландиянын атактуу мандалактарын Орусияга ташуу токтотулушу этимал. Россельхознадзордун билдиришинче, нидерланд гүлдөрүндөгү кесел организмдер экономикага жана айыл чарба өндүрүшүнө олуттуу коркунуч жаратууда.

Орусия Нидерландиядан гүл ташууга тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул жөнүндө Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы - Россельхознадзордун башчысы Сергей Данкверттин Колумбиянын Москвадагы элчиси менен 21-июлда болгон сүйлөшүүсүнөн соң расмий түрдө кабарланды. Себеби “Нидерландиядан ташылган гүлдөрдө Орусиянын экономикасына жана айыл чараба өндүрүшүнө коркунучтуу карантинге алынчу организмдер болгондуктан, аларды импорттоого тыюу салуу мүмкүнчүлүгү өтө жогору” экени жөнүндө кездешүүдө сөз болгон.

Июнда эле Кремлдин саясий заказдарын аткарып жүргөн Россельхознадзор өткөн айда Нидерландиядан алынып келаткан он эчкини чек арадан киргизбей койгон.

Симферополдогу гүл базар. 24-март 2014
Симферополдогу гүл базар. 24-март 2014

Бул окуялар Чыгыш Украинада былтыр июлда атып түшүрүлгөн малайзиялык “Боингге” байланыштуу Москва- Амстердам мамилеси өтө осол маалда болууда.

Акыркы айда Нидерландия башындагы бир нече өлкө авиакырсыкты иликтөө үчүн эл аралык трибунал түзүү демилгесин көтөрүүдө.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 21-июлда журналисттерге түшүндүрмө бергенде, гүлдөрдү Нидерландиядан импортоого тыюу салуу “Кремлдин күн тартибинде жок” деп, окуяны саясатташтырууну колдобосун айтты.

Малайзиялык учак кыйраганда 298 адам өлгөн. Алардын көбү нидерланд жарандары болчу. Нидерландия башындагы эл аралык комиссиянын жарыкка чыгып кеткен иликтөөсүнө караганда, “Боингди” Москва колдогон жикчилдер Орусияда жасалган ракета менен атып түшүргөн.

Күнөөкөрлөрдү сотто үчүн эл аралык трибунал түзүү демилгесине Орусия каршы. Ошентсе да 17-июлда Нидерланд парламентинин тышкы саясат боюнча өкүлү Хан тен Броке эл аралык трибуналды түзүү иши токтотулбаш керек деп билдирген:

- Бул демилге көтөрүлгөндөн кийин Орусия, президент Путин жана өлкөнүн башка да мартабасы бийик ырасмий адамдары аны сындашууда. Ага карабай Москвада ушундай сөз болууда деп, биз ошол замат көздү жумуп отуруп калышыбыз керек деп ойлобойм.

Эгер Нидерландиядан гүл ташууга тыюу салынса, андан нидерланд мандалак (тюльпан) өстүрүүчүлөрү менен катар орусиялык гүл өстүрүүчүлөр да зыян тартышат. Жылына Нидерландияда мандалактын 10 миллион башы өстүрүлөт. Бул дүйнөдө өндүрүлгөн мандалак көчөтүнүн 70% түзөт.

Кекенхоф багындагы гүл өстүргөн багбан. 15-март 2014
Кекенхоф багындагы гүл өстүргөн багбан. 15-март 2014

Орусияда гүл аз өстүрүлөт. Гүл ташууга адистешкен “Флорист.ру” компаниясынын маалыматына ылайык, орусиялыктар февраль-март айларында гана гүл сатып алуучулардын талабынын 20% канааттандырат. Башка учурларда сатыктагы гүлдөрдүн 10% гана Орусиянын өзүндө өстүрүлөт. Же “Газета.ру” интернет басылмасы жазгандай, гүлдөрдүн тамырларынын 90% Нидерландиядан келет.

Статистикалык маалыматтар боюнча, былтыр Орусияга гүлдөрдүн 14 700 башы жана тамыры, 30 700 даана даяр гүл сырттан келген. Алардын жалпы баасы 255 миллион долларды түзөт. Адистер ошондуктан Нидерландиядан гүлдөрдүн тамыры жана гүл өстүргөнгө керектүү заттар келбей калса, роза менен мандалак 8-мартта аябай тартыш болот дешет.

Нидерландиядан Орусияга гүл ташуу тыйылса, андан Нидерландия аркылуу гүл экспорттогон Эквадор, Колумбия сыяктуу жана нидерланд гүлдөрүн Орусияга реэкспорттогон өлкөлөр зыян тартат.

Москванын украиналык жикчилдерди колдогонуна жана Крымды аннексиялап алганына байланыштуу Евробиримдик жана АКШ былтыр Орусияга санкция киргизген. Өз кезегинде Москва береги өлкөлөрдөн эт, сүт азыктарын импортоого тыюу салган. Бул чара өткөн айда президент Путиндин буйругу менен келерки июнга дейре узартылган.

XS
SM
MD
LG