Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Украина: май жаңы жоготуулар менен башталды


Украинанын чыгышындагы акыркы абал. 3-майга карата маалыматтар
Украинанын чыгышындагы акыркы абал. 3-майга карата маалыматтар

Украинада май айы согуш майданындагы жаңы жоготуулар менен башталды. Согуш бүткөнсүгөн менен, убактылуу элдешүүнүн шарттары улам бузулуп, жылма тынчтык кылкылдап, бычактын мизинде кала берүүдө.

Тараптар элдештик деген менен согуш аракеттери үзүл-кеcил токтобой келаткан Украинада майдын алгачкы күндөрүндө жаңы кан төгүүлөр орун алды. Жикчилдер менен тиреш өзгөчө курч болгон аймактардын бири болгон Луганскта жекшемби күнү украин армиясынын машинасы минага жарылып, эки аскер набыт кетти.

Лугансктын украиналык башчысы Геннадий Москал 4-майда билдиргендей, областын чыгышындагы Екатериновка айылынын жанындагы жарылууда дагы үчөө жараат алды.

Лугансктын түштүк тарабын орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөп турат.

Жекшембиде украинанын армиясы өлкөнүн чыгышында дагы бир аскер окко учуп, алтоо жараат алгандыгын маалымдаган эле.

Куралдуу күчтөрдүн маалымат катчысы Андрей Лысенконун айтымында, орусиячыл жикчилдер февраль айындагы элдешүүнүн шартын бузуп, ири калибрдеги замбиректерди колдонууну улантып жатат. Украин армиясынын маалыматына караганда, жикчилдер 2-майда 28 жолу замбиректен аткылашты.

Жикчилдер эртеси өздөрү көзөмөлдөгөн Донецкти украин армиясы 24 саат ичинде 36 жолу аткандыгын билдирди.

Ал арада бир жыл мурда Одесса шаарында 48 киши набыт кеткен каргашалуу окуяны эскеришти. Кара деңиздин боюндагы бул шаардагы кагылышуу Киев өкмөтүнүн оппоненттери менен колдоочуларынын ортосунда чыккан эле. Окуя Украинанын чыгышында автономия талап кылгандар барып жашынган кесиптик кошуундун имаратында өрт чыгышы менен аяктаган. Өрттү ким баштаганы эмдигиче белгисиз.

Өкмөттүн колдоочулары имаратка күйүүчү май куюлган шишелерди ыргытышкан. Бирок бийликтер мындай шишени имаратка кирип алгандар чатырдан туруп ыргыткандан өрт башталгандыгын айтышкан. Имараттан 43 кишинин өлүгү чыккан. Бул окуяны эскергени Киевде бир миңдей киши чогулду. Алар «Биз унутпайбыз, биз кечирбейбиз» деген жазууларды кармап турушту.

2-май күнү Москвада да украин элчилигинин сыртына гүл, шам чырактар коюлду. Донецктин жикчил жол башчысы Александр Захарченко сөз сүйлөп, Одессада адамдар «канкор нацисттер колдуу болгон» деп ырастады.

«Бул күнү Одессанын бардык тургундары Украина деген өлкө жок болгонун түшүндү» деди ал. Ал эми Орусиянын тышкы иштер министрлигинин акыйкатчысы Константин Долгов украин бийликтерин бул окуяны алгылыктуу иликтеген жок деп күнөөлөдү.

Бир жыл мурдагы өрт шаардагы жиктенүүнү дагы тереңдетип, анын залдары бүгүнгө чейин сакталып кала берүүдө.

Андан бери Одесса менен катар, Харьков шаарында да бир нече жардыруулар орун алды.

Ал арада НАТОнун америкалык аскер башчысы Орусия жана орусиячыл күчтөр Чыгыш Украинада жаңы чабуулдарга даярданып жатат деген шектенүүсүн билдирди.

НАТОнун Европа боюнча кол башчысы, америкалык генерал Филип Бредлав учурда тымызын жүрүп жаткан даярдыктардан улам, чыгыш Украинада жаңы чабуулдар болушу мүмкүн экендигин эскертти.

Вашингтондо 30-апрелде сүйлөгөн сөзүндө генерал ошондой эле Орусия энергия булактарын кысым көрсөтүүнүн куралы катары колдонуп жаткандыгын белгилеп, АКШнын Европадагы союздаштарынын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо зарылдыгына токтолду.

Ал арада Украина Орусиянын "Газпром" компаниясын Стокгольмдогу арбитраждык сотко берип жаткандыгы маалым болду.

Украинанын мамлекеттик "Нафтогаз" компаниясы "Газпром" менен 2009-жылы 10 жылдык келишим түзгөн. Бирок Киев орусиялык газ ашкере кымбат деп ырастап, "Газпромдон" 10 миллиард доллардан ашык каражатты кайра төлөп берүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG