Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Одессада камалган орусиячылдар бошотулду


Одессадагы профсоюздук бирикмелердин бул имаратындагы өрттөн ондогон кишилер өлгөн, 3-май, 2014
Одессадагы профсоюздук бирикмелердин бул имаратындагы өрттөн ондогон кишилер өлгөн, 3-май, 2014

Украинанын чыгышындагы Одесса шаарында орусиячыл эки миңдей киши полициянын кеңсесине чабуул жасап, анда кармалып турган 67 жолдошун бошотконго жетишти. Ал жерде 2-майдагы кагылыш жана өрттө 40тан ашуун адам мерт болгон окуя үчүн шектелгендер кармалып турушкан.

Одессадагы полицияканага чабуул жасаган сепаратисттер тополоң чыгарып, имараттын дарбазасын ургулап, терезелерин сындырышты. Полиция аларды имаратка киргизбегенге аракет кылып жаткан. Кийинчерээк абактагылардан 67 киши бошотулганын өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлады. Абакта дагы бирөөлөр калган-калбаганы белгисиз.

Бул жерде 2-майдагы башаламандыктарда кармалгандар камакка алынышкан эле. Ал күнү кагылыштардан кийин профсоюздар бирикмесинин имаратында өрт чыгып, 40тан ашуун кишинин көпчүлүгү ошондо өлгөн.

Жекшембиде Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк Одессага барып, ал жактагы маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө өлкө чыгышында абалды курчутуп, бүт тополоңду Орусия уюштуруп жатат деп айыптады.

"Өлкөнү бөлүп-жарып, жок кылуу – бул Орусиянын планы, - деди Яценюк. - Алар бул жакка кошумча адамдарды жиберип, абалды курчутканга чейин Одесса эки ай тынчтыкты сактап тура алды. Орусияга Одесса өзгөчө кымбат. Бирок ал бизге андан да кымбат, анткени Одесса – биздин шаар жана биздин эл".

Өкмөт башчы шаарда зомбулуктун алдын-ала албаганы үчүн укук коргоо органдарын, коопсуздук күчтөрүн айыптады.

"Бардык уюштуруучулар, Орусиянын жетекчилиги астында Украинага жана Одессага чабуулду баштагандардын баары иликтениши керек. Жергиликтүү милициянын жогорку кызматтардагы бардык өкүлдөрүнүн иши иликтениши зарыл. Эгер шаарда кылмыштуулуктун алдын алуу системасы убагында иштегенде, бардык террористтик уюмдар алда качан жок кылынмак", - деди өкмөт башчы.

Ал арада өлкөнүн ички иштер министри Арсен Аваков жумурияттын орус тилдүү калк отурукташкан чыгышында орусиячыл сепаратисттер көзөмөлдөп турган бир катар шаарларда “антитеррористтик операция” улантылып жатканын кабарлады.

Киев “антитеррористтик” деп атаган операцияларын 15-апрелде баштаган. Бирок анын жыйынтыгы начар болуп жатканы байкалат.

Москвада болсо тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин: “Одессадагы окуялар өлкөнүн чыгышындагы орусиячыл калк менен диалог түзүү украин бийликтеринин колунан келбей турганын көрсөттү”, - деди.

"Одессадагы 2-майдагы трагедия Украинанын ички саясий проблемалары жөнүндө көз карашты такыр өзгөрттү. Ал бүтүн дүйнөнү чочулатты деп ойлойм", - деди Карасин.



Одесса: Профсоюздар үйүндөгү өрт
Одесса: Профсоюздар үйүндөгү өрт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG