Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:13

Ош базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты (видео)


Өрттөнгөн Ош базары. Бишкек. Март, 2018-жыл.
Өрттөнгөн Ош базары. Бишкек. Март, 2018-жыл.

Бишкектин Ош базарынын батыш тарабындагы «Берекет универсал» деп аталган дүң базардын соодагерлери өздөрүнө сунушталып жаткан жаңы соода имаратында күркөлөр кымбат деген жүйө менен ага кирүүдөн баш тартышууда. Алардын өкүлү Болотбек Жунушевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, базардын жетекчилиги 15-апрелден тартып соодагерлерди мурунку соода кылган жерине киргизбей, базарды жаап салган.

- 16-апрелде базардагы электр энергиясын үзүп салышыптыр, - деди ал. - Бул жерде биздин муздаткычта сакталуучу азык-түлүк, косметика жана башка товарларыбыз бар. Мындан тышкары базар жабылганына байланыштуу биздин контейнерлер кайтарууга алынбай турганын айтышты. Ошондуктан биз ар кандай чагымдан чочулап жатабыз. Базар жетекчилиги бизди жаңы курулган имаратка «бир чарчы метрин 1,5 миң доллардан сатып алгыла» деп мажбурлап атат. Бул жаңы имарат пайдаланууга бериле элек экен, «мыйзам бузуу менен курулган» деп Экотехинспекция аны кабыл албай жатыптыр. Кийин аны да жаап койсо, биз кайда барабыз?

«Берекет универсал» дүң базарынын соодагерлери жаңы жылдын алдында да мэриянын алдында митингге чыгып, базардын жабылышына каршылыгын билдиришкен.

Ленин районунун акиминин орун басары Чынасыл Чыныбаев бул базар боюнча маселе эки ишкердин ортосундагы иш экенин маалымдап, акимчилик ага кийлигише албай тургандыгын «Азаттыкка» билдирди.

Бишкектеги Ош базары былтыр үч-төрт жолу өрттөнгөн. Андан жабыркагандар «базарды көчүрүү максатында атайылап өрттөлүшү мүмкүн» деген божомолдорун айтышкан. ИИМ да Ош базарындагы өрткө байланыштуу бир нече версия каралып жатканын, анын ичинде атайылап өрттөө да бар экенин маалымдаган. (ZKo)

Ош базарынын соодагерлери нааразы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00

XS
SM
MD
LG