Тажик президенти Эмомали Рахмон эки күндүк расмий сапары менен Москвага жол тартты. Аны менен кошо Тажикстандын Экономика, Айыл чарба, Билим берүү жана Миграция министрликтери сыяктуу бир катар өкмөттүк мекемелеринин башчылары да Орусияга жөнөгөнүн тажик президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын алдында Кремль Эмомали Рахмон орус президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 16-17-апрелде Москвада болорун кабарлаган эле.
«Сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу мамиледеги негизги маселелер жана саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жолдору тууралуу сөз болот», - деп айтылат Кремлдин расмий билдирүүдө.
Бул иш сапарынын алкагында Рахмон менен Путин бир катар документтерге кол койгону жатышат. Орусиянын Дүйшөмбүдөгү элчиси Игорь Лякин-Фроловдун айтымында, бул документтердин арасында Тажикстандын айыл чарба өндүрүмүн Орусияга жөнөтүүнүн жолдорун жеңилдетүүчү келишим да бар.
Буга чейин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы сүйлөшүүлөрдө миграция маселеси боюнча келишимге да кол коюларын маалымдаган. Бул макулдашууга ылайык, орусиялык жумуш берүүчүлөр мигранттардын документтерин бүткөрүүнү өз мойнуна алат. Тажик бийлиги жарандарына Орусиядан иш таап берүүгө көмөктөшүп, келишим бүткөн соң же мыйзам бузуу учуру катталганда мигранттарды мекенине кайтарууга кол кабыш кылат.