Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып жаткан Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч менен анын адвокаты Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Буга байланыштуу 17-апрелге белгиленген соттук териштирүү Сведлов райондук сотунда болбойт. Мындай маалыматты «Азаттыкка» адвокат Замир Жоошев билдирди:
- 10-апрелдеги сот отурумунда Свердлов райондук соту бул иш боюнча айыпталып жаткан беш адамдын баарынын бөгөт чарасын карап, 12-июнга чейин узартууну чечкен. Биз буга каршы болуп, Бишкек шаардык сотуна кайрылдык. Биздин бүгүнкү даттануубуз эртеңки сотту токтотот.
Адвокат Замир Жоошев Сапар Исаковду үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч менен сотко кайрылган. Бирок сот өтүнүчтү четке каккан.
Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш ишин кароо Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталган. Соттук жыйын жабык өткөн. Адвокаттардын «отурум ачык болсун» деген өтүнүчү четке кагылган.
Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча сегиз адамга айып коюлган. Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев өңдүү мурдагы жетекчилер бар.
Айыпталуучулар өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып жатышат. (ZKo)